Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Кыргызстанда 2007-жылы Интернет тармагынын ылдамдык деңгээли азыркыдан 100 эсе жогорулап, «дүйнөдөгү эң компьютерлешкен өлкө» деген абройго жетмеги шарт. Ушундай максатты алдыга койгон информатизациялоо программасын Транспорт жана байланыш министрлиги бир катар өнөктөштөрү менен иштеп чыгып, президентке сунуштады.

Президенттин алдындагы Маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш 5-марттагы отурумунда «Кыргызстандын 2007-жылдагы көрүнүшү» деп аталган информатизациялоо программасын талкуулады. Кеңешке аны транспорт жана байланыш министри, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев сунуштады.

К. Жумалиевдин маалыматына караганда, долбоор «Маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча стратегиянын» алкагында иштелип чыккан. Ал мамлекеттин маалымат индустриясынын негиздерин түзүү менен, элдин деңгээлин алдыңкы өлкөлөрдүн катарына теңөө максатын көздөйт.

- «Kyrgys Vision-2007» программасынын алдында ылдамдыгы бүгүнкүдөн жүз эсе жогору турган Интернет тармагын түзүү, дүйнөдөгү эң компьютерлешкен өлкө даражасына жетүү, электрондук өкмөт түзүү, электрондук коммерцияны ишке ашыруу, электрондук экономикада 100 миң жумушчу орун түзүү, туруктуу окутуу жана жаңы интеллигенцияны жаратуу өңдүү конкреттүү, реалдуу милдеттер бар, - дейт Жумалиев.

Мына ушундай максаттар ишке ашкан шартта 2007-жылы жумушка жарамдуу калктын 10% ашыгы үйдө дистанттык жол менен иштөөгө мүмкүндүк алат. Бардык документтердин 50% электрондук жүгүртүү мүмкүндүгүнө жетишет. Мамлекеттик кызматчылардын 100% электрондук дарекке ээ болот. Мектептер толугу менен Интернетке өтүп, бардык тармактар, маданий баалуулуктар менен Интернет аркылуу таанышуу мүмкүндүгүнө жетишет.

Мына ушул өңдүү салабаттуу багыттарды камтыган программаны иштеп чыгууга Транспорт жана байланыш министрлигинен тышкары Кыргыз-Орус (Славян) университети, «Digital roud LTD» компаниясы катышкан. Алар Кореянын тажрыйбасын негиз кылып алышкан.

Кубанычбек Жумалиевдин билдиргенине караганда, бул программаны ишке ашырыш үчүн орто эсеп менен 50 миллиондон 100 миллион долларга чейин каражат талап кылынат. Бул каражат азырынча гранттык негизде гана тартылаары болжолдонуп жатат. Тажрыйба бөлүшүп жаткан кореялык тарап конкреттүү жардамынын өлчөмүн айта элек, бирок адистер мынчалык аракет башталган соң финансылык жардам келээрине ишенип жатышат. Мындан тышкары Канада 3 миллион доллар грант берүүнү убада кылууда.

Программада 2007-жылы кыргызстандык 1 миллион адамды компьютер менен камсыз кылуу зарылдыгы каралган. Аны Бишкекте компьютер чыгаруучу ишкана ачуу жолу менен чечүү - негизги багыттардын бири.

- Эгер биз Бишкекте компьютер өңдүрүшүн уюштура алсак, аны калкка кредит шартында берсек, менимче, муну ишке ашырса болот. Бул багытта биз азыр Кытай, Корей компаниялары менен сүйлөшүп атабыз, - дейт кореялык өнөктөштөрдүн сунушуна таянган вице-премьер-министр.

Бул идеянын өрүш алышына Кыргызстандын географиялык жактан Борбордук Азия мамлекеттеринин чок ортосунда жайгашкандыгы олуттуу таасир этиши ыктымал.

Программаны талкуулоо учурунда кеңештин мүчөсү, Кыргыз техникалык университетинин ректору Улан Бримкулов аталган программага мындай баа берди:

- Бул Кыргызстан үчүн маалымат-коммуникациялык технологиялар аркылуу өнүккөн өлкөлөрдүн катарына чыгуунун сейрек мүмкүнчүлүктөрүнүн бири.

Ал мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланыш үчүн программанын финансылык жагын тыкат иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бримкуловдун айтымында, программа гранттын, компьютер кызматынан пайдаланган калктын каражатынын, жеке бизнестин эсебинен ишке ашышы керек.

Ал эми академик Валерий Живоглядов долбоордун өксүктөрүн мындайча белгиледи:

- Мага долбоорду даярдоодо айрым, маселен, «эң компьютерлешкен өлкө болуу» сыңары абзацтар кореялык документтерден алынгандай туюм калтырды. Кыргызстан 2007-жылга чейин эң компьютерлешкен өлкөгө айлана албайт. Казакстандан артта калбасак деп эле Кудайдан тилейли.

Академик Аскар Кутанов электрондук өкмөт, электрондук билим берүү жана электрондук экономика боюнча иштеп жаткан топтордун программаларын туташ карап, тактоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кийин талаш-тартыш жаратпаш үчүн Корея бере турган колдоонун, Кыргызстандын милдеттенмелеринин айланасындагы жагдайларды тактоо зарылдыгы белгиленди. Маалымат-коммуникациялар боюнча кеңеш программанын долбоорун алымча-кошумчалары менен президентке жана өкмөткө сунуштоо чечимин кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG