Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

БРАТИСЛАВА ЖАЗЫ - АЛАТОО КАРЫ


“Жер тамырынан эл тамыры кѳп” демекчи, Словакиянын президенти Рудольф Шустердин Кыргызстандагы расмий иш сапарынын маанилүү жыйынтыктарынын бири айтылуу «Интергельподон» ѳнүп чыккан экономикалык байланышты жандантуу демилгеси болду окшойт. Расмий делегация мүчѳлѳрү Бишкекте жашаган улутташтары менен жолугушту. Ортодо арасы кыйла алыстай түшкѳн достук байланыштарды ѳѳрчүтүү, алыш-беришти күчѳтүү жайында кеп жүрдү. Чехословакиядагы «Прага жазы», «Жибек ыңкылабы» аттуу социалисттик реформалардын демилгечиси Александр Дубчектин Бишкектеги үй-музейин түзүү демилгеси колдоого алынды.

Кыргызстандын өнөр жайын көтөрүүгө, тоолуу аймакта алгачкы завод-фабрикаларды курууга келгендердин уюткусун негизинен чехтер, словактар, мажарлар түзгөнү жаңы тарыхтан жакшы белгилүү. Кыргызстанга келген алгачкы муундагы демилгечилердин катарында кыйла жыл Чехословакияны башкарып, 1968-жылдын августунда кызматынан четтетилген Александр Дубчектин ата-энеси болушканын көпчүлүк биле бербес. Дубчектердин үй-бүлөсү Бишкекке 1925-жылы көчүп келишкен. Өткөн кылым окуясын Александр Дубчектин уулу Павел мындайча эскерет:

- Эл аралык жардам көрсөтүү - “Интергельпо” менен чоң атамдар 1925-жылы Кыргызстанга келишкен экен. Атамдын айтуусуна караганда, чоң атам бул жерде көп иштерди жасаптыр. Чоң атам электр заводун курушкан. Анан балдардын проблемасын чечүү аракетине киришиптир. А кезде наристелердин оору-сыркоосу, чарчап калуусу көп болчу дейт.
1965-жылы бул жерге атам менен чогуу келгенбиз. Атам экөөбүздүн Ысыккөлдүн жээгинде түшкөн сүрөтүбүз бар. Иним да кошо келген, ал анда 16га чыгып калган. Экөөбүз көлдө сүзүп ойногонбуз. Атамдын бул жерде достору көп болчу. Словак, кыргыз достору бар эле. Бул жерден машинага түшүп Алматыга кеткенбиз.


Павел Дубчек бу келишинин максатын мындайча түшүндүрдү:

- Биз мурунку байланыштарды кайра улантыш үчүн келип отурабыз. Словакиянын тоолору пас келет. Мага кыргыз тоолору жагат. Бул жерге келип түшкөндөн кийин тоолорду көрүп сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Шарт болсо тоолорго дагы бир барып келет элем. Атам уучулукту жакшы көрчү. Мен да мергенчиликке ышкыбозмун. А бирок тоого чыгып жаныбарларды атканды жактырбайм. Адам табият менен мамыр-жумур жашаш керек.

Кыргызстандын өнөр жайын көтөрүүгө келген эл аралык демилгечилердин урпагы Светлана Крайчовичева “азыркы муун тарыхты жакшы билбейт” деген пикирде.

- Менин ата-энем 1-эшелон менен 1925-жылы Кыргызстанга келишкен. Атам булгаары заводдун директору болчу, - деп эскерет Светлана Крайчовичева. - Алар Кыргызстанга завод-фабрикаларды курганы келишкен. “Интергельпонун” мүчөлөрү Фрунзе заводун, булгаары заводун курушуп, Фучик багын тигишкен. Бизде көпчүлүк “Интергельпонун” эмне иш кылганын билишпейт. Биздин ата-энелер Кыргызстанда биринчи завод-фабрикаларды курушкан.

Людмила Бобылева, кыз кезиндеги фамилиясы Шоуш, өзүн мажар кызы деп эсептейт, таякелери словактар.

- Абам Самюэль “Интергельпо” тууралуу 2 китеп жазган, - дейт Людмила Бобылева. - 1951-жылы Мажарстанга кетип, ал жерде чарба министри болуп иштеген. Бул жерде Самюэль менен Маречекти жакшы билишет. Маречек иштеп келем дегендердин поездин уюштурган, өзү “Интергельподо” иштеген эмес.

Бишкек шаарынын тургуну Ольга Селезневанын ата-энеси да Кыргызстанга завод-фабрика курууга келишкен.

- Апам менен атам ушерге келип иштешкен. Кийин атам өлүп, апам 4 баланы өзү тарбиялап өстүргөн , - дейт Ольга Селезнева.

Адистердин айтымында, Кыргызстанга келчү чет элдик инвесторлордун арасында азиялык өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн ишкерлери арбын. Ошондон улам постсоциалисттик Чыгыш Европа өлкөлөрү менен экономикалык байланыш-катыштарды өөрчүтүү Кыргызстандын келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ. Азырынча ал көбүнесе сөз жүзүндө гана калууда. Павел Дубчек айтмакчы, Словакия бир кылым мурдагы өрнөктүү иштин кайра жанданышына кызыкдар. Аны президент Рудольф Шустердин расмий иш сапары дагы бир ирет ырастады.

XS
SM
MD
LG