Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Түштүк Кореянын президенти Но Ху Мен АКШны региондогу абалды ырбатпоого үндөдү


СЕУЛ. Британ гезитине берген интевьюсунда президент таймашты жөнгө салуу үчүн диалог зарыл экенин белгиледи. Бул билдирүү Түндүк Корея АКШны кол салбоо келишимине кол койууга чакырган соң жасалды.Түндүк Корея андай келишим АКШнын конгресси тарабынан бекитилүүгө тийиш деп билдирет. АКШ Түндүк Корея менен сүйлөшүүдөн баш тартууда. Эки өлкөнүн өз ара тиреши өткөн октябрда Түндүк Корея ядролук программасы бар экенин мойнуна алгандан башталган. Андан бери Түндүк Корея ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кетти жана Йенбендеги атомдук электростанцияны кайрадан ишке киргизди.

XS
SM
MD
LG