Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

ИРАК КРИЗИСИ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ЖААТТАШТЫРУУДА


Ирак кризиси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин эки жаатка бөлгөнүн Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл ачык айтып чыкты. Кеңеш мүчөлөрүнүн бир жааты Иракты күч колдонуп куралсыздандыруу зарыл дешсе, экинчи жааты Улуттар Уюмунун аскерий инспекциясы улантылсын деген көз карашта. Ал эми инспекция башчысы Ханс Бликстин айтымында, Ирак бийликтери инспекторлор менен мурдакыдан тыкыз иштешүүдө.

Ирак кризисине тартылган тараптар шаршемби күнү өтө маанилүү жана карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасашты.
Ирак бийликтери Кошмо Штаттарынын кол салуу коркунучу астында Улуттар Уюмунун эксперттери менен тыкыз кызматташып жатканын БУУнун каруу жарак инспекциясынын башкы жетекчиси Хан Бликс билдирди:

- Ирак өтө жигердүү иштешүүдө жана акыркы айларда мурдакыга караганда активдүү болууда деп айтар элем. Ырас, алар мурда жакшы кызматташпаган. Ошентсе да Ирак куралсызданат деп жоромол кылгым келбейт, ага мен ишенем.

Х.Бликс ошондой эле “кокус согуш чыгып кетсе, инспекциянын жардамы менен куралсыздандыруу ишке ашпай калат” деп кооптонду. Көп узабай АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборундагы кездешүүдө Х.Бликстин сөзүн жокко чыгарды:

- Тилекке каршы, инспекциянын аракети натыйжа бербей жатат. Себеби инспекторлор азыркыдай ыңгайсыз кырдаалда иштейбиз деп күтүшпөгөн.

Пауэллдын айтымында президент Саддамда куралсыздануу ниети да жок:

- 1441-резолюция бекитилгенден бери Саддам Хусейндин куралсыздануу боюнча стратегиялык жана саясый чечим кабыл алганын көрбөдүк.

К. Пауэлл сөзүн ырастап, Ирак февралдын алгачкы күндөрү инспекторлор таап албасын деп тыйуу салынган материалдардын жайын ар 12 сааттын ичинде алмаштырып турганын жана У-2 чалгынчы учактары көрүп калбасын үчүн тыйуу салынган материалдарды февралдын ортосунда Багдаддын четиндеги кедей-кембагалдар жашаган маалага эски машинелер менен ташып жашырганын айтты. Пауэллдин сөзүнө караганда, Саддамдын “стратегиялык чечим кабыл албай жатканына” Франция, Россия жана Германия көңүл бурбай жатат. Аталган үч өлкө Улуттар уюмунун аскерий инспекциясына көбүрөөк убакыт берилсин деп, Иракты аскер колдонуп куралсыздандырууга каршы.

Үчилтиктин тышкы иштер министрлеринин шаршемби күнү Парижде өткөн кездешүүсүнөн кийинки пресс-конференцияда Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен мындай деп жарыялаган:

- Биз күч колдонууга уруксат берген резолюциянын долбоорун даярдоого жол бербейбиз. Россия жана Франция Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары бул маселеге өтө жоопкерчилик менен карашат.

Мындай билдирүү кокустан жасалып жаткан жок. Улуттар уюмунун каруу жарак инспекциянын башчылары Х.Бликс менен М. ал-Барадейи жума күнү Коопсуздук Кеңешинде Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын изилдөөнүн жүрүшү боюнча кезектеги докладын жасашат. Андан кийин Иракка каршы согуш ачууга уруксат берүүнү талап кылган АКШ, Британия жана Испания колдогон резолюция талкууга коюлмакчы.
Ушул жагдайдан улам К. Пауэлл Коопсуздук Кеңеши жаат-жаатка бөлүнбөстөн, бир позицияда турушу шарт деп санайт.

- Кеңеш дагы бир ирет биригип, Саддамга анын баш ийбөө тактикасы жарабасы жөнүндө ачык айтчу мезгил келди. Азыр Коопсуздук кеңеши Саддамдын өз милдеттенмесин бузуп жатканын чогуу туруп көрсөтүп койчу мезгил. Азыр Саддамга дагы бир ирет анын машинеси убакытты токтото албасын, убакыт өтүп жатканын жана ал куралсыздануудан баш тартканы үчүн жапа чекчү мезгил чындап келип калганын ачык билдирчү мезгил.

К.Пауэлл тараптарды биримдикке чакырды.

XS
SM
MD
LG