Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗСТАН ЭЛИНИН КУРУЛТАЙЫ БОЛДУ


6-мартта Кыргызстан элинин курултайы болуп, анда өлкө алдында турган милдеттерди аныктап алуу максаты коюлду. Кыргызстан элинин ассамблеясы демилгечи болгон Курултай «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: тынчтык жана туруктуулук» деген ураан алдында өтүп, ага 608 делегат жана бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, бийликтин 400дөн ашуун өкүлдөрү катышты.

Курултайдын күн тартибине бир маселе – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылында тынчтык менен бейпилдикти камсыз кылыш үчүн алдыда турган максат, милдеттерди аныктап алуу маселеси коюлду. Бул маселе боюнча алгач сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев бул Курултай кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына арналган мааракелердин бет ачаары экендигин жарыя кылды. Өз сөзүндө ал кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл болгонуна негиз бере турган тарыхый учурларга, андан соң акыркы он жыл ичинде жасалган саясий-экономикалык иш-аракеттердин натыйжаларына токтолду. Анын өтө урунттуу учуру катары өзү президенттик кылган жылдардын ичинде үч милдет аткарып, үч пайдубалды түзгөндүгүн билдирди:

- Биринчиси - бул мамлекеттик түзүлүштүн торолушу жана чыңдалышы. Экинчиси - жардылыкка каршы күрөш. Үчүнчүсү - демократияны өнүктүрүү. Биринчи милдет - мамлекеттин торолуу жана чыңдалуу милдети - негизги багыттар боюнча бүгүнкү күндө чечилди деп эсептейм. Биздин мамлекеттин бийиктеген түндүгү эми эч качан төмөн түшпөйт. Республикада али жоюлбай жаткан жардылыкка каршы күрөшүү жана демократияны өнүктүрүү маселелери азыркы шарттарда биринчи планга чыгууда, - деди мамлекет башчысы.

Андан ары А. Акаев Кыргызстандын мындан аркы келечеги коомдогу ар бир адамдын жеке мамилесине байланыштуу экендигин айтып, жалпы улуттук ынтымак жана биримдик - Кыргызстандын башкы принциби болоорун баса белгиледи:

- Айрым адамдар демократия менен ынтымакты бири-бирине карама-каршы коюшса, айрымдары ынтымакка чакырууну «бирдей ой жүгүртүүгө мажбурлоо» дешет. Мындай адамдар демократиянын маңызын түшүнө бербейт деп ойлойм. Демократия - большевизм эмес, жалпы элдин таламын көздөө. Коомдук ынтымак болгон жерде гана демократия өкүм сүрө алат.

Курултайга саясий партиялардын 41 өкүлү чакырылган менен, ага оппозициячыл багыттагы партиялардын өкүлдөрү келишкен жок. Эл партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов оппозициячыл төрт партиянын башын кошкон Элдик конгресстин атынан Курултайга куттук айтып, ага келбей койгон саясий өнөктөштөрүн «бийликке жана анын өкүлдөрүнө гана оппозиция болуп жатат» деп, алардын көз караштарына макул эместигин билдирди:

- Менимче, биздин бүгүнкү кырдаалдагы, Кыргызстандын өнүгүү жолундагы эң башкы катачылыгыбыз - бири-бирибизге оппозиция болуп, саясий, жеке амбицияларга алдырып коюп жатканыбыз.

Эл партиясынын лидеринин ою боюнча, азыр оппозиция да, бийлик да жардылыкка, диний экстремизмге, эл аралык терроризмге, аракечтикке бирдиктүү оппозиция болушу керек.

Курултайда сөз сүйлөгөн делегаттардын баары элди ынтымакка чакыруу менен, «коомдо карама-каршылыктардын жаралышына оппозиция гана күнөөлүү» деген пикирлерин айтышып, трибунадан Абсамат Масалиев баш болгон саясатчыларды сабырдуулукка, акыл-эске чакырышты. Ал эми: «Оппозиция кайдан чыгып жатат?» - деген суроого саресеп салып, анын пайда болуш тамырына Нарын облусунан келген Тагай Абдыжапаров гана кызыккандай болду:

- Жамандыкты бийлик гана чыгарат. Аскар Акаевич, бир гана маселе - тартипти катуу коюңуз. Өкмөттөн маяна жеп аткан чиновниктер бюрократтыкты, паракорчулукту, коррупциясын, трайбализмин токтотсун. Эгер токтотпосо кызматтан алыңыз да, кызмат бербей коюңуз. Эң жаман нерсе ушул болуп атпайбы! Бул кызматтан кетсе - тиги кызматка коюлат. Акимдер, мамлекеттик кызматкерлер өкмөттөн дайындалып барып атат. Алар элден бөлүнүп калды. Эл менен бирге болуш керек да!

Курултай башталаарда Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Иса Токоев каалоочуларга сөз эркин берилээрин, алар үчүн залда эки микрофон иштээрин жарыя кылганы менен, жарыш сөз эч кимге кезексиз берилген жок. Курултай жалпы элди ынтымакка чакырган декларация кабыл алуу жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылында жасала турган иш-чаралардын планын бекитүү менен аяктады. Курултай башталаар алдында форум өтчү филармониянын алдына эл, студенттер желек, шар кармап чогулуп, килем салынган жолдо президент Аскар Акаевди ыр-күү менен тосуп алышып, Курултайдын жер-жерлерден алынып келинген отун жагуу шаан-шөкөтү болду. Иш-чарага катышкандар муну кыргыздардын быйыл август айында боло турган Бүткүл дүйнөлүк экинчи курултайын өткөрүүгө карата көрүлгөн башкы даярдык катары баалашты.

XS
SM
MD
LG