Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

ӨКМӨТ АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА БЕРИЛГЕН КРЕДИТТЕРДИ КҮЧ МЕНЕН ЖЫЙНАЙ ТУРГАН БОЛДУ


Сапар Орозбаков, Бишкек Базар экономикасына өткөн 10 жыл ичинде айыл чарбасына 1,5 млрд. сом кредит берилген. Анын жарымынан көбү кайтарылбай жатат. Кредит алган колхоз-совхоздор жоюлуп кетип, алардын алган акчасын азыр ким төлөөрү белгисиз. Колхоз-совхоздор тарагандан кийин берилген кредиттер да жакшы чогултулбай жатат. Шаршембиде өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр карыздарды күч менен болсо да жыйноого көрсөтмө берди. Кредит жыйноо боюнча жергиликтүү бийликтерге план берилмек болду.

Айыл чарбасына берилип, бирок жыйналбай жаткан кредиттер эми күч менен болсо да жыйналат. Кредитти жыйноонун мындай жолуна премьер-министр Николай Танаев шаршембиде өткөн өкмөт жыйынында Финансы министрлигин жана жергиликтүү администрация башчыларын чакырды:

- Силер «кредиттерди артка жылдырабыз» деп айтпагыла. Аларга кысым көрсөтпөсө болбойт. Катуу саясат жүргүзүү зарыл. Биринчиден кредиттер кимге берилгени тууралуу маалыматтарды компьютерге салып, автоматташтыруу зарыл. Ар бир кредит алуучунун атын такташ керек. Ким кайсы колхоздо же совхоздо иштегенинине чейин тактап чыккыла. Кредитке алынган техниканы да такташ керек. Алар жок болуп кетпейт да. Алардын бир жерде эсеби болуш керек. Кредитти кайтарып беришпесе техниканы кайра алып койгула.

Өкмөт жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык ар бир облустук администрацияга кредиттерди өндүрүү боюнча план берилет. Кредиттерди өндүрүүгө укук коргоо органдары - прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы да тартылат.

1992-2002-жылдары – 10 жыл аралыгында айыл чарбасына бюджеттин жана чет өлкөлүк кредиттердин жана гранттардын эсебинен бардыгы болуп 1,5 млрд. сом кредит берилген. Алардын азыр жарымына жетпегени гана кайтарылып алынды. 1996-жылдан тартып жапон өкмөтү «Кыргызстандын айыл чарбасына» деп 8 жолу грант бөлгөн. Ошол гранттын эсебинен 398 млн. сомдук ар кандай айыл чарба техникасы дыйкандарга кредит түрүндө таратылган болчу. Алардын кайтарымы азыр 40% гана түзөт. Жыйында алардын көпчүлүгү акча түрүндө эмес, дыйкандар өндүрүп чыгарган продукция менен кайтарылып жаткандыгы айтылды. Улуттук Банктын төрагасы Уран Сарбановдун айтымында, жапон өкмөтү «эгерде мындай практика улана бере турган болсо, грант берүүнү токтотобуз» деп жатат. Кредиттерди жакшы кайтарбаган облустар катары Жалалабад жана Талас облустары аталды. Бул жерлерде алынган кредиттердин 30-35% кайтарылып берилген.

Айыл чарба кредиттери боюнча карыздарды жыйноо маселеси көптөн бери эле коюлуп келет. Бирок анда жакшы жылыштар боло элек. Мурда кредиттерди Айыл чарба министрлиги жыйначу. Азыр бул иш Финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык өнүгүү фондуна өткөрүлүп берилген. Өкмөттүн жыйынында Фонддун директору Азим Исабеков «өткөн жылы 74 млн. сом өндүрүлүп, бул иш боюнча бир аз жылыш бар» деди эле, премьер-министр аны кагып койду:

- «Бир жылда 74 млн. сом жыйнадык» деп, жеңиш катары айтып жатабыз. Ооба, жылыш бар. Бирок бул аз. 1 млрд. сомдун 74 эле миллионун жыйнадык.

Айыл чарбасына берилген кредиттерди өндүрүүдөгү кыйынчылык - бул мурдагы колхоз-совхоздордун тарап кетиши жана алардын алган кредиттерине мураскордун болбой жатышы. Мисалы, айыл чарба кредиттерин 3,5 миң чарба субьектиси алган болсо, анын 525инин мураскору азыр чыкпай жатат. Колхоз-совхоздор жоюлуп, аны ким төлөөрү белгисиз. Алардын кредиттерин таптакыр жоюп салуу тууралуу сунуш Жогорку Кеӈешке киргизилген. Бирок ал белгисиз себептерден улам каралбай, маселе чечилбеген боюнча турат. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, мындай кредиттер өкмөттүн өнбөгөн ссудаларынын жарымын түзөт. Ал эми калгандары болсо кредит алып жаткан учурда күрөөгө эч нерсе койгон эмес, күрөөгө койгондору банкрот болуп кетишкен. Айрымдары төлөп берүүгө акчасы болсо деле качып жүрүшөт. Аларды сот аркылуу кайтарып алуу мыйзам боюнча мүмкүн эмес экен, мүмкүн болсо да көп убакыт талап кылат. Ошондуктан өкмөт Совет доорундагыдай бийликтин күчү менен өз карыздарын жеӈил өндүрүп алууну көздөйт.
XS
SM
MD
LG