Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

САЛЫК САНААСЫ, КУРУЛТАЙ ЫРЫ, ПАРЛАМЕНТ ТАГДЫРЫ


Кыргыз басма сөзүндө соңку күндөрү жарык көргөн макалаларга баяндама.

Экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн артында калганын бейшембидеги “Моя столица” гезитинде Вячеслав Тимирбаев жазып чыкты. “А.Акаев менен анын жанындагылары “республиканын 12 жыл ичиндеги ири жетишкендиги - республиканын дүйнөлүк биримдикке кириши” деп айтууну жакшы көрүшөт, - дейт автор. - Алардын “Кыргызстан - дүйнөлүк биримдиктин теңата мүчөсү” экенин айтуудан тажабаган таттуу сөздөрүнө муюп, КМШнын артында калбасак болду. Эгемендик жылдарында биздин республика кечээки “ага-эжелеринен”, жакындан бери “түбөлүк досторунан» ат чабым артта калууда».

Кыргызстандын байлары кимдер экендигине ушул эле гезитте Валентина Корчагина кызыккан. Автордун пикирине ынансак, кыргызстандык байлар негизинен колдоочусу бийик, көбүнесе мамлекеттик кызматта иштегендердин арасынан чыгат. «Кайсы бир бажы же инспекция кызматкери шейхтердин аксарайынан кем калбаган үйлөрдү салып, кымбат баа машине минет, жансакчыларды жалдайт, көңүл ачмайы көп»,- деп жазат ал.

Кыргызстанда адал бизнес жасоого жакшы шарт түзүлбөсө республика экономикалык көрсөткүчтөрү жагынан жанаша өлкөлөрдүн артында калаарын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Марипов менен Байгуттиев эскертишти. Алардын айтымында, Орусия, Казакстан, Белорусия, Украина республикалары бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргызстанды кошуусу күмөн. № 30-Карасуу шайлоо округунда депутаттыкка талапкер катары район акими Адам Закиров, Ош мамлекеттик университетинин деканы Эгемберди Токторов, белгилүү саясатчы Үсөн Сыдыков чыгышы мүмкүн экендигин Сейит Балыкбаев деген автор «Талапкерлерди табыштырчу жол» деген кабарында жазды. Кыргызстанда мамлекеттик кызмат жекече проблемаларды чечүүнүн ыңгайлуу жолу экенине ушул эле гезитте Асел Шербото токтолгон. Мындай бүтүмгө келүүгө гезиттин интерактивдүү суроолоруна жооп бергендердин 38% пикири негиз берген.

Конституциянын жаңы редакциясы ишке киришкенден бери парламент ишинде да өзгөрүүлөр пайда болгонуна спикер Абдыганы Эркебаев бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланган макаласында токтолгон. «Кош палаталуу парламент түзүү идеясы Чүй облусунун мурунку губернатору Ф.Кулов менен облус кеңеши тарабынан көтөрүлгөн. Биздин республиканын чакандыгын, унитардуу өлкө экендигин, материалдык-финансылык жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин белгилеп, ошондо эле каршы чыккам», - деп жазат ал. Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган соң парламенттин иштөөсү мыйзамга сыйбай, анын тарап кетишин талап кылгандарга жооп кылып, спикер палата 2005-жылга чейин таркабай тургандыгын билдирет.

Ажылыктан кайтып келаткан 20 кыргызстандык жаран иран-түркмөн чек арасында 8 күндөн бери кармалып жатышканын бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Айтымда, ажыдан келаткан эки автобус кыргызстандык жарандар кетип атканда алышкан визаларын Сауд Арабстанга калтырып келишкен.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Агым» гезитинде Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайы тууралуу Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласы басууга даярдалууда. Басылмада Абдувахаб Мониевдин парламенттеги талаш-тартыш, Жолдошбек Зарлыкбековдун «“Кыргызгаздын” кылык-былыгы кимге жүк», Козубек Иманкуловдун “Таластагы кочкор сүзүш же күч органдары неге тирешип жатышат” деген сын макалалары жарык көрмөкчү. “Агым” гезитинин багыты, анын бийлик менен оппозицияга мамилеси туурасында басылманын башкы редакторунун орун басары Түгөлбай Казаков ой жүгүртөт. Анын ырастоосу боюнча, гезит багыты өзгөрүлбөйт, бийликке, оппозицияга жан тартпаган калыс басылма катары кала бермекчи.

“Аалам” гезитинин башкы редакторунун орун басары Кубанычбек Сейдалиевдин айтымында, басылманын жума күнкү санында Кыргызстанда иш жүргүзүү ниетинде келген түркиялык “Йимпаш холдинг” компаниясы “Инструментальщик” стадионунун эсесине башка жерге жаңы стадион куруп берүүгө убада кылган. Бирок убада унутулуп калганы тууралуу макала жарык көрмөкчү. Гезитте “Кош бол, Үзөңгүкууш!» деген макала да жарык көрөт. Анда кыргыз жеринин бир өңүрү Кытайга кеткени тууралуу сөз болот. Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө кошумча нарк салыгынын киргизилиши «Осол иш» дешен макалада талдоого алынат.
XS
SM
MD
LG