Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

ОТЧЕТ: ӨЗБЕКСТАНДА БЫЛТЫР ЖЕТИ УКУК КОРГООЧУ КАМАЛДЫ


Өткөн жекшембиде Эл аралык Хелсинки Федерациясы жылдык отчетун жарыялады. Документ “Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы -- Коопсуздукка коркунуч келтирген иштер” деп аталат.

Aлып баруучу: Өзбекстандын Адам укуктары коому менен биргелешип даярдалган, 12 беттен турган отчет менен Жаңыл Жусубжан таанышып чыкты. Жаңыл, алгач биздин угармандарга эл аралык Хелсинки Федерациясы эмне болгон уюм экенин тактап берсең.

Жаңыл Жусубжан: Айнура, Эл аралык Хелсинки Федерациясы Адам укуктары боюнча Хелсинки актысынын жана кийин кабыл алынган документтердин аткарылышы үчүн иш жүргүзгөн бейөкмөт уюм. Ал 41 өлкөдөгү Хелсинки Комитеттерине жана кызматташ уюмдарга колдоо көрсөтүп, маалымат алмашууга жардам берет. Ошондой эле Хелсинки комитети түзүлө элек өлкөлөрдөгү укук коргоочулар менен түз байланышы бар. Хелсинки Федерациясы өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдөгү укук бузууларды да ашкерелеп, сындап турат. Ал Бириккен Улуттар уюмунда жана Европадагы адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөгөн Европа Кеңешинде консултативдик макамга эгедер.

Алып баруучу: Өзбекстан боюнча отчетту чогуу жазышкан уюмдун Хелсинки Федерациясы менен кандай мамилеси бар?

Жаңыл Жусубжан: Өзбекстанда Хелсинки комитети жок, ошондуктан Хелсинки Федерациясы Өзбекстандын Адам укуктары коому менен кызматташ ууда. Тилекке каршы бул коом бир топ жылдардан бери жигердүү иштеп келатса да, Ташкен бийликтери аны расмий каттоодон баш тартууда. Хелсинки Федерациясы Борбор Азияда ошондой эле кыргыз-казак укук коргоочулары менен кызматташат.

Алып баруучу: Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу ушул жекшембиде жарык көргөн отчетто кандай проблемалар көтөрүлдү?

Жаңыл Жусубжан: Отчет сөз жана басма сөз эркиндиги, жыйын өткөрүү укугу, айыпкерлерди кыйноо, диний эркиндиктер, өлүм жазасы жана укук коргоочулардын абалы деген негизги бөлүмдөрдөн турат.

Отчетто Өзбекстан терроризмге каршы эл аралык коалиция менен кызматташа баштаган бир жылдын ары-берисинде өлкөдө орун алган одоно укук бузуулар баяндалат. Документте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан адам укуктары айрыкча басмырланган мамлекеттердин бири экени айтылат. Ошондой эле укук бузуулар коомдогу социалдык, экономикалык жана саясий кырдаалды курчутуп, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукка коркунуч келтирип жаткандыгы белгиленет. “Адамдар мамлекетке ишенимин жоготуп, жакырчылыктын сазына баткан сайын, эл арасында авторитардык түзүлүшкө каршылык көрсөтүүнүн белгилери айгине болууда”,- деп айтылат отчетто. Бул, албетте, өзбектердин өздөрүн да, коңшуларын да бушайман кыла турган билдирүү.

Алып баруучу: Былтыр адам укуктарынын абалын оңдоо жаатында өзбек бийликтери бир катар чараларды көргөн эле. Абактагыларды кыйнап өлтүргөн милиция кызматкерлери жазаланып, расмий цензура жоюлуп, көз карандысыз укук коргоочу бир уюм каттоодон өткөн. Отчетто келтирилген одоно укук бузуулардын тизмесине караганда, терең өзгөрүү болгон эмес турбайбы?

Жаңыл Жусубжан. Болжолу, сен айткан оңолуунун белгилери тамыр жайып кете алган жок. Цензура жоюлду дегени менен журналисттерди куугунтуктоо токтогон жок, кечээ февралда эле социал-демократиялык партиянын гезитин чыгарган Тохтамурад Тошев камакка алынып, же адвокаттан жок, же эмнеге камалганын биле албай, түрмөдө отурат. Январда 860 саясий жана диний айыпкер абактан бошотулду, бирок ушул эле айда хезбуттахрирчи деген кине менен 30тан ашык киши кесилди. Хелсинки Федерациясынын эсебинде, өзбек түрмөлөрүндө аз эле дегенде 7 миң киши саясий же диний ишенимдери үчүн камалып жатат.

Мына ушул фактыларды иликтеп, коомчулукка жеткирген укук коргоочулардын абалы да оор. Бул тууралуу Хелсинки Федерациясынын аткаруучу директору Аарон Родес мага мындай деди:

"Бул уюмдун мүчөлөрү туш келген кыйынчылыктарды атап отурсам, уккан кулагыңызга ишенбешиңиз мүмкүн. 2001-жылы бир укук коргоочуну түрмөдө жатканда өлтүрүштү. Башкаларын уруп-сабап, кыйнашты. Өкмөт бул уюмду каттоодон өткөрүүдөн баш тартып келатат. Бул албетте уюмдун ишине зор тоскоолдук түзүп жатат".

Былтыр бул уюм менен кызматташкан Өзбекстандын Адам укуктары коомунун жети мүчөсү абакка отургузулду, анын ичинен экөө күч менен психиатриалык ооруканага камалды. Президент Каримовдун өлкөсүндө бүгүн абал ушундай.
XS
SM
MD
LG