Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Бишкекке Кызыл чырым, Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясынын баш катчысы келет


БИШКЕК. 8-мартта Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым коомдорунун эл аралык федерациясынын баш катчысы Дидье Шерпитель таанышуу сапары менен Бишкекке келээри күтүлөт. Борбордук Азия регионуна келе турган иш сапарынын алкагында ал Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунда болуп, аталган федерация аркылуу ишке ашып жаткан программалардын жагдайы менен таанышат. Ушул эле күнү Дидье Шерпитель журналисттердин суроолоруна жооп бериши күтүлөт. Азыр Кыргызстанда Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна саламаттык сактоо, миграция, жаштар, чукул кырдаалдар маселелери боюнча колдоо көрсөтүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG