Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Кытай Түндүк Корея менен АКШны эки тараптуу түз сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды


"Биз Корей жарым аралынын ядролук куралдардан эркин зона болушун, региондо тынчтык менен стабилдүүлүктүн сакталышын каалайбыз. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Түндүк Корея менен АКШ бири- бири менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш", -деди Кытайдын тышкы иштер министри. Таң Жиаксяң Түндүк Кореяга кысым көрсөтүү - маселени татаалдата турганын эскертти. Өткөн аптанын соңунда Түндүк Кореянын учактары АКШнын тыңчы учагын кармаганга аракеттенишкен. Бул окуя АКШ менен Түндүк Кореянын мамилелерин ого бетер ырбатып жиберди. АКШ Түндүк Кореядан алыс эмес жердеги Гуам аралына кошумча аскердик техникасын жайгаштыра баштады. АКШ Түндүк Кореяны кысмактап, ядролук программасынан баш тарттырууга аракеттенип келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG