Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Америкалык аскерлердин чоң колоннасы Түркиянын Искендерун портунан түрк Ирак чек арасына жол тартууда


Түркиянын башкы штабынын командачылыгы аскерлер Түрк армиясын модернизациялоо максатында парламенттин феврал айындагы чечими менен дислокацияланып жатканын билдирди. Өткөн жумада Түркиянын парламенти Америкалык аскерлерди өлкөдө жайгаштырууга уруксат бербей койгон. Ал эми кечээ өлкөнүн бийликтеги партиясынын жетекчиси Реджеп Тайып Эрдоган парламент бул маселени ООНдун резолюциясынан кийин карай турганын жарыялаган. Бирок бүгүн Түркиянын телевидениеси 200дөй аскердик унаанын Ирактын чек арасын көздөй жол тартып баратканын көрсөттү. Башкы штаб бул аскердик кыймылды "кадыресе машыгуу максатындагы дислокация" деп түшүндүрүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG