Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Улуттар Уюмунун маалымдашынча, Ирак “Ал-Самуд- 2” үлгүсүндөгү ракеталарын жок кылууну улантты


Уюмдун өкүлү Хиро Уэкинин айтымында, ракеталарды жок кылуу процессине курал инспекторлору көзөмөл кылып жатышат. Бүгүн 6 ракетаны жок кылуу пландаштырылган. Ишемби күндөн бери 34 ракета жок кылынды. Инспекторлор тобунун жетекчиси Ханс Бликс Иракты куралсыздандыруу мурдагыга караганда ыкчамыраак жүргүзүлүп жатканын билдирди. "Акыркы айда ирактыктар активдүү же өтө активдүү болуп калганын айтаар элем. Ошон үчүн мен Ирак куралсыздандырылат деген ишенимдемин"- деп билдирди Бликс.Бирок кечээ АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл Ирак тыйуу салынган куралдарды чыгаруучу жабдууларын жана массалык кыруучу куралдарын ООНдун инспектолорунан качырып, улам башка жакка которуп катып жатат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG