Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

АМЕРИКАЛЫК САЯСАТЧЫЛАР ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН КОРЕЯ САЯСАТЫН СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын Демократиялык партиясынын Сенаттагы Улуттук коопсуздук боюнча тобу жакында Түндүк Корея маселеси боюнча атайын отчет даярдап жарыялады. Ал отчетто президент Жорж Буштун Корея саясаты катуу сынга алынат.

Отчетту даярдоого АКШнын мурдагы коргоо министри Уильям Перри, мурдагы мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт жана мурдагы президент Билл Клинтондун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сэмюэл Бергер катышкан. Алардын пикиринде, Түндүк Кореянын өзөктүк программалырынын кайрадан иштетиле баштаганы эл аралык коопсуздук үчүн абдан коркунучтуу, анткени жакын арада Пхеньян бир нече өзөктүк бомбага ээ болушу мүмкүн. Бириккен Улуттардын инспекторлору бардык тарабынан текшерүүгө алып жаткан Иракка караганда, өзөктүк курал эл аралык террорчулардын колуна Түндүк Кореядан тийе турган мүмкүнчүлүк бир кыйла жогору, ошондуктан Иракка каршы күч колдонууга камданып, Түндүк Корея маселесин көз жаздымда калтыруу - АКШ өкмөтүнүн кош стандарттуулук колдонгонунун белгиси.

5-март күнү Вaшингтон шаарында аталган отчеттун жарыяланышы менен байланыштуу атайын жыйын да өткөрүлдү жана анда чыгып сүйлөгөн Уильям Перринин пикиринде, Түндүк Корея маселеси өтө коркунучтуу:

- Бир нече айдын ичинде Түндүк Кореядагы абал түп тамырынан бери өзгөрүп кетиши мүмкүн жана аны оңдоо мүмкүн болбой калышы да толук ыктымал. Ошондуктан биз ага чейин чечкиндүү чара көрүүгө тийишпиз.

Отчеттун авторлорунун айтымында, эгер Түндүк Корея жакын арада өзүнүн бомбаларын сыноодон өткөрүп, өзөктүк куралга ээ мамлекет болууга жетишсе, ал - кеңири кыруучу куралды жайылтпоо багытындагы Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы аракеттеринин текке кеткени болот. Андан тышкары, андай жыйынтык акыркы жарым жылдын ичинде Ирак маселесине баш-оту менен кирип алган АКШ бир мезгилде эки орчундуу проблеманын үстүндө иштөөгө кудурети жетпеген өлкө экенин далилдейт.

Өткөн жылдын октябр айында Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программаларын кайрадан иштете баштагандан кийин, Пхеньяндын опурталдуу саясатын бүткүл дүйнөлүк коомчулук сынга алган жана АКШ аймакка кошумча аскер жиберүүгө да аргасыз болгон. Бирок Түндүк Корея өз айтканынан кайтпай, эгер АКШ кол салса, ага каршы согушууга Пхеньян даяр деп да айтып жиберген.

Вaшингтондун пикиринде, Түндүк Корея маселеси боюнча эл аралык форум өткөрүү керек, бирок мындай сунушка Кытай менен Орусия каршы болууда. Алардын айтымында, алгач Вaшингтон менен Пхеньян ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү уюштурган жакшы. Ага болсо АКШ макул эмес, анткени андай идеяны биринчи болуп Пхеньян айтып чыгып, Түндүк Корея менен АКШ ортосунда бирибирине кол салбоо тууралуу келишим түзүш керек деген талап койгон. Ошондуктан эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү Вашингтон үчүн Пхеньяндын опузасына көнгөндүк болуп калышы мүмкүн.

5-марттагы жыйынга катышкан "Азаттыктын" кабарчысы Жеффри Доновандын айтымында, АКШ өкмөтүнүн мындай турумун сенатор Жозеф Байден да катуу сынга алды. Анын айтымында, бул жерде дагы АКШ өкмөтү кош стандарт саясат жүргүзүүдө. Ирак маселесине келгенде, Вашингтон эч кимдин пикирин укпай, Бириккен Улуттар макул болбосо дагы, АКШ Иракты күч менен куралсыздандырат дейт. Андан алда канча коркунучтуу Түндүк Корея маселесинде болсо биз Пхеньян менен сүйлөшпөйбүз, ал маселени эл аралык коомчулук чечүүгө тийиш деп айтат, - дейт Байден.

XS
SM
MD
LG