Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

СОЧИДЕ ГРУЗИН-АБХАЗ ПРОБЛЕМАЛАРЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРДҮ


Төрөкул Дооров, Москва Орусия Президенти Владимир Путин бүгүн Сочидеги резиденциясында Грузия Президенти Эдуард Шеварднадзе жана Абхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Владимир Путин менен Эдуард Шеварднадзе ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн Абхазиядагы жагдай түздү. Абхаз проблемасы кийинчерээк үч тараптын катышуусунда да кеңири каралды. Үчүнчү тараптын ролун Абхазия Өкмөт башчысы Геннадий Гагулия ойноду. Сүйлөшүүлөрдө ортомчулук милдетин аткарган Орусия Президенти Владимир Путин мындан 10 жыл мурда тарых барактарына жазылган грузин-абхаз чатагынан кийин дээрлик бүгүнкү күнгө дейре «аракетсиз» деп таанылган мезгил агымы өкүм сүргөндүгүн, андыктан бүгүнкү жолугушуу маселени токтоп калган жеринен жылдырууга жардам бере тургандыгына ишенээрин айтат. Путиндин, ошондой эле Шеварднадзенин сөзүнө ишенсек, бул жолку сүйлөшүүлөр тараптар ортосундагы түшүнбөөчүлүктү жоюуда өзгөчө мааниге ээ болуп калуулары керек. Путиндин оюнча, бүгүн бул аракетти көрүү зарылчылыгын түшунбөгөндөр жок:

- Маселени жөнгө салуу ишине катышып жаткандардын баары учурда ортодогу чатактын негизинде жапа тартышкан адамдарды жана бизди ойлонткон негизги маселелер боюнча так чечим кабыл алуу керектигин жакшы түшүнөбүз. Бул аракеттер кооптуу абалдан чыгууда негизги курал болуп калуулары керек.

Ал эми орусиялык эксперттердин чикиринче, сүйлөшүүлөрдө дагы бир башкы фигуралардын бирин түзгөн Грузия Президенти Шеварднадзенин маселени чечүүгө багытталган аракеттерге, дегеле, Абхаз проблемасына карата мамилеси анча деле көңулдү жылытпайт. Мисалы, КМШ мамлекеттеринин институтунун директору Константин Затулиндин пикиринде, абхаз проблемасы грузин эли үчүн чоң маселе болгону менен, ошол эле мезгилде Шеварднадзе режиминин туруктуулугун камсыз кылып турат. Бул ойдо тургандардын бири, улуттук азчылыктардын абалын изилдеген Клаудиа Калинина өз оюн төмөнкүчө билдирди:

- Негизинен Грузия да, Абхазия да чатакты эртерээк чечүүнү каалашат. Бирок, Шеварднадзе эмнегедир процессти мүмкүн болушунча созгонго аракет кылып жаткандай. Мындан, кайсыл бир деңгээлде, ал саясий упай тотоп жатса керек. Дайыма Грузияда ички саясий нааразылык толкуну пайда болсо эле, президент абхаз проблемасын чечүү үчүн элди биримдикке үндөп чыгат. Бирок, анын чечилүүсүн камсыз кылууну каалабайт. Демек, чатак тез эле чечилип калса, Шеварднадзенин бийлик сахнасында калуусу коркунучту жаратуусу ачык.

Бирок, Грузия Президенти Шеварднадзе өзү бул жолу орус кесиптешинин демилгесин колдоп, Путиндин нааразычылыкты четтетүү үчүн көрүп жаткан аракетине чындап эле ыраазы экендигин көрсөттү:

- Бүгүн сиздер менен чогулуп олтурганыбызга жана бул чоң проблеманы чечүү аракетин көрүп жатканыбыздын өзү мени аябай кубантат. Бул жолу баары жакшы чечилет ко деп ишенгим келет, – деп Эдуард Шеварднадзе чын эле ишенеби же, сыртынан көрүнгөндөй жөн эле айттыбы, кандай болсо да өз оюн билдирди.

Грузия бул жолку сүйлөшүүлөрдө Абхазия аркылуу өтүүчү темир жол каттамынын ишин калыбына келтирүү менен андагы грузиялык качкындарды өлкөгө кайра өткөрүү маселесине өзгөчө кызыкдар экендигин билдирди. Бул проблема январь айында Киевде өткөн Шериктештиктеги жумурияттардын президенттиринин саммитинде да каралган.

Ал эми Путин менен Абхазия премьер-министри Геннадий Гагулиянын ортосундагы жолугушууда Ингури дайрасында жайгашкан гидро-электр станциясын кайра куруу маселеси талкууга алынды. Эгерде ИнгуриГЭС ишке кирсе, ал Грузияны, Абхазияны жана Орусиянын айрым региондорун электр энергиясы менен камсыз кыла ала тургандыгы айтылды.

XS
SM
MD
LG