Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНДА


6-мартта Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысынын жардамчысы, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары Бертран Г. Рамшаран келди. Бүгүн анын Бишкектеги сапары карыды.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча өкүлү Бертран Г. Рамшаран бейшемби күнү адегенде Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу, андан кийин мамлекет башчысы Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Оксана Малеваная менен кезигишти. Ал эми жума күнү болсо Бертран Г. Рамшаран Конституциялык жана Жогорку соттордун төрайымдары менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргызстандын Акыйкатчысы менен жолугушууда кайсы маселелер талкууланганын Турсунбай Бакир уулу жума күнү маалымдады:

- Ал жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктары жана эркиндиктери боюнча мүнөздөмө бердим. Кыйынчылыктар жөнүндө да айттым. Ал да өз пикирин айтты. Мисалы, «Кыргызстанда качкындар бар. Бирок алардын бул жерде төрөлгөн балдарына күбөлүк берилбейт экен, ушул маселени чечкенге жардам бериңиз» деди. Мен аны чечүүгө жардам береримди билдирдим. Сөз эркиндиги, митинг уюштурууда көп өксүктөр болуп жаткандыгын, аялдардын, балдардын укуктарын коргоодо, өзгөчө абак, колонияларда, убактылуу камак жайларында адам укуктарын коргоо татаал болуп жатканын түшүндүрүп бердим.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, жолугушунун жүрүшүндө БУУнун өкүлү Кыргызстан Акыйкатчысынын институтунун калыптанышына Улуттар Уюму жардам берерин билдирген.

Ал эми президент Аскар Акаев Бертран Г. Рамшаран менен жолугушкан кезде конституциялык реформа, Конституциянын жаңы редакциясында адам укуктарын коргоого артыкчылык берилгени тууралуу маалымдаган.

БУУнун өкүлүнүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укуктары боюнча комитет башчысы Оксана Малеванная менен жолугушуусунда негизинен Жогорку Кеңештин жаңы тутумунда адам укуктары боюнча комитетке орун берилбегендиги тууралуу сөз болгон.

- БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары, Жогорку Кеңештин болочок тутуму боюнча долбоорлордо адам укуктары боюнча комитетке орун берилбегенине өтө таң калды. Алар үчүн бул өзүнчө эле күтүүсүз нерсе болду. Анткени Улуттар Уюму биздин парламенттеги адам укуктары боюнча комитеттин тажрыйбасын башка өлкөлөргө жайылткысы келген экен, - дейт Оксана Малеваная.

Жума күнкү Кыргызстандын сот системасынын өкүлдөрү менен жолугушууда Бертран Рамшаран конституциялык реформаны оң баалаган. Бирок ал буга байланыштуу мыйзамдардын эл аралык стандартка дал келишин камсыз кылуу зарылдыгын да белгилеген. Бертран Рамшарандын Кыргызстанга иш сапары жума күнү соңуна чыкты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG