Бул кадамды Кремль кызуу кубаттады жана орус Думасы да жакын аралыкта аталган документти ратификациядан өткөрө тургандыгына ишенич билдирди. Былтыр эки өлкөнүн президенттери Жорж Буш менен Владимир Путин кол койгон келишимде 2012-жылга чейин эки тараптын ядролук арсеналдарынын санын үчтөн экиге кыскартуу каралган.
Америкалык сенат стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча Кошмо Штаттары менен Россиянын ортосундагы келишимди ратификациялады