Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Түштүк Ооганстанда бин Ладендин эки уулу туткунга алынды


Бул тууралуу Пакистандын Белужистан провинциясынын маалымат министри Сардар Санаулла Зехри кабарлады. Зехринин сөздөрү боюнча, Ооганстандын Пакистан жана Иран менен тогошкон райондорунда жүрүп жаткан масштабдуу операциялар маалында бин Ладендин эки уулу жарадар болуп,колго түшкөн. Мындан тышкары “ал-Каиданын” бери дегенде дагы алты мүчөсү өлтүрүлдү. Бирок бул маалыматты америкалыктар күмөнсүнүү менен кабыл алышты. Пакистандын президенти Первез Мушарраф бүгүн Усама бин Ладен,сыягы,тирүү окшойт, бирок ал Пакистанда болбосо керек деп билдирген эле. Америкалык аскерлер катышкан ири масштабдуу операциялар уланууда. Бин Ладен кайсыл райондо из жашырып жүргөнү жөнүндө маалымат “Аль-Каиданын” үчүнчү жетекчиси саналган Халид Шейх Мохаммедден сурак учурунда алынган.

XS
SM
MD
LG