Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

КЫРГЫЗСТАН ЭЛИНИН КУРУЛТАЙЫ ЭЛ АРАСЫНДА КАЙЧЫ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТТЫ


Кыргызстанда жалпы улуттук ынтымак менен бейпилдикти камсыз кылуу аракети менен 6-мартта өткөрүлгөн Курултайдан кийин коомчулук арасында: «Ал өз максатына жете алабы?» - деген эки анжы суроо пайда болду.

«Арнамыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиевдин пикири боюнча, Курултай жалпы элдик ынтымакка негиз боло албайт:

- Бул Курултайга бийликтин камчысын чапкан адамдар келишти. Башкалар барган жок. Баргандардын бирөө уга турган ойлору да жок болчу.

Аксы районундагы «Укук жана адамдар» аттуу коомдук бирикменин башчысы Светлана Воронина да ушундай ойдо. Ага өткөн жылы бийлик менен элдин карама-каршылыгын жараткан Аксы окуясынын чыгуу себептери, окуяга жол берген жагдайлар менен адамдардын ролунун жерине жеткире аныкталбай, көп суроолордун ачык калгандыгы башкы себеп.

- Мен Аксы трагедиясындагы чыныгы күнөөлүүлөр аныкталып, жаза берилмейин коомдо ынтымак болушу мүмкүн эмес деп эсептейм. Себеби, бул коомдо азырынча айыкпай турган оору болуп турат, ал окуяны улам-улам эске салып жатат, - деди ал.

Ушундай эле оюн ортого салган «Кыргызстан демократиялык кыймылы» саясий партиясынын төрага орун басары Жыпар Жекшеев болду. Анын пикиринде, жалпы элдик ынтымакты камсыз кылыш үчүн бул Курултайда Аксы окуясын да козгоп, болгон ойлор ортого салынса, бийлик эл алдында жүзүн жарык кылып алмак:

- Бийлик тарабынан Аксы окуясына туура баа берилбей, элдин ичинде турган бугуна, таарынычына көңүл бурулбай, бийлик моралдык компенсацияга да жарабай келатат. Эгер ушул маселеге туура карап, туура чечим кабыл алынганда калган талаш-тартыш маселелерди, бийлик менен элдин ортосунда, оппозиция менен элдин ортосунда болуп жаткан сын-пикирлерди, нааразычылыктарды чечүүгө эң жакшы жол ачылмак.

6-марттагы курултайда Мелис Эшимканов: «Мен «бүгүнкү Курултайга келгиле, болгон армандын баарын, проблеманын баарын, көйгөйдүн баарын президенттин, делегаттардын көзүнчө айтпайсыңарбы» десем, баягы эле амбиция, баягы эле жаш баланын кыялындай болгон адат менен бүгүн Курултайга келбей коюшту» -деп билдирген эле. Ал эми «КДК» партиясынын төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев өзүн түйшөлткөн оюн айтууга уруксат берилбесин билгенден кийин курултайга барбаганын билдирди:

- Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Иса Токоевге мен өзүм жеке кайрылдым. «Курултайдын ураанын чын ниеттен айтып жатканыңар анык болсо, мына мен Курултайдын чечими үчүн өзүмдүн резолюциямдын долбоорун даярдап койдум. Оппозициянын бирөөнө да сөз бербей жаткандан кийин жок дегенде мага сөз бере аласыңарбы? Мен чыгып баарын айтып, болгон проблеманын баарын элдин таразасына салайын» десем, «жок, эч кандай андай мүмкүнчүлүк болбойт. Сөз берүү боюнча мен эч кандай убада бере албайм. Экинчиден, Аксы маселесин козгоого эч кимге уруксат бербейбиз» деген, абдан одоно жооптору менен менин демимди суутуп койду. Демек, мен барганда дагы мага эч качан сөз бермек эмес. Менин катышып отурганымды гана «мына булар да келип катышты» деп айтышы мүмкүн болчу. Ошондуктан бул жөн гана куру сөз.

Бирок саясий күчтөрдүн баарлашуусуна жетишүү керек деп санагандар да аз эмес.

«Укук жана адамдар» коомдук бирикмесинин жетекчиси Светлана Воронинанын пикири боюнча, бардык тараптардын өкүлдөрү «тегерек стол» өткөрүп, болгон проблемалардын баарын чечмелеши зарыл. Анда проблемаларды айтып гана тим болбостон, «жыйында кабыл алган чечим сөзсүз аткарылсын» деген талап да коюлушу керек.

- Биз проблеманы чогулуп чечүү зарылдыгына барып такалдык. Бирок анда ар бир тарап өзүнүн милдетин толук аткарышы керек. Анткени кийинки кезде «тегерек столдорду» өткөрүү адатка айланып кетти. Бирок анда айтылган ойлор менен чечимдер эч аткарылган жери жок. Айтылган сунуштар аткарылбагандан кийин жыйналып сүйлөшүүнүн эмне кереги бар? Ошон үчүн «тегерек столго» жыйналган бардык тараптарга чечимге чынчыл мамиле жасап, сөзсүз аткаруу милдети коюлуш керек, - дейт Воронина.

XS
SM
MD
LG