БИШКЕК. Кыргызстанда токой чарбалары 3 млн. 200 миң гектар жерди ээлеп турат. 1997-жылга чейин токой аянттары колхоз-совхоздордун карамагында болгондуктан, кийинчерээк алардын басымдуу бөлүгү менчиктештирилип кеткен. Бул жагдайды жөнгө салып, ылайыгына жараша кайра мамлекеттин карамагына өткөрүш үчүн Мамлекеттик токой кызматы инвентаризациялоо ишин баштаганы турат. Бул иш-аракет токой чарбасын өнүктүрүү тууралуу жаңы иштелип чыккан концепциянын алкагында ишке ашып, ага ылайык токойлорго жамаатташ жашагандарга токой аянттары 5 жылдан 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берилиши ыктымал. Мындай тартип концепциянын принциптерине ылайык жүзөгө ашат. Бул тууралуу 7-мартта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик токой кызматынын төрагасы Турат Мүсүралиев билдирди.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов