Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:17

Нарын облусундагы эки райондун акимдери кызматтан четтетилди


НАРЫН. Нарын облусунун Акталаа жана Атбашы райондорунун акимдери кызматтан четтетилди. 7-мартта облус акимчилигинен алынган маалымат боюнча, өз арызы менен кызматынан бошотулган Атбашы районунун мурдагы акими Жолдошбек Жакыповдун ордуна Нарын облустук акимчилигинин аппарат башчысы болуп иштеп келген Адылбек Сайдинов дайындалды. Ал эми Акталаа районунун акими болуп 2 жыл иштеген Молдобек Ашыралиев Талас облусунун губернаторунун орун басары болуп дайындалганына байланыштуу кызматтан бошотулду. Акталаа районунда азырынча администрация башчысы дайындала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG