Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Өнүгүп келаткан өлкөлөргө финансылык жардам берүүнүн жол-жоболору жана ага байланыштуу чыгымдар жеңилдетилет


БИШКЕК. Эл аралык финансы уюмдарынын жана донор-өлкөлөрдүн Италияда өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги форумунда «Гармониялаштыруу боюнча Рим декларациясы» кабыл алынды. Аталган документте, келечекте эл аралык финансы уюмдарынын жана донор-өлкөлөрдүн өнүгүп келаткан өлкөлөргө финансылык жардам беришинин жол-жобосу, ошондой эле ага байланышкан чыгымдарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрү белгиленди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, келечекте 16 пилоттук өлкө менен катар Кыргызстанда да донор-өлкөлөрдүн ишмердигин координациялоо боюнча долбоор ишке киргизилет. Ага ылайык донор-өлкөлөрдүн жардамына болгон талап ошол 16 өлкө тарабынан иштелип чыгат. Форумга 70тен ашуун эл аралык финансы уюмдарынын, донор-өлкөлөрдүн жана бир катар өнүгүп келаткан мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Жыйын 24-25-февралда өткөрүлүп, ага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган Кыргызстандын делегациясы барып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG