Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:27

17-мартта Аксы районунда эскерүү митинги өткөрүлөт


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Жалалабад облусунун Аксы районунун Жергетал айыл өкмөтүнө караштуу Боспиек айылында, 2002-жылы милиция кызматкерлери менен кагылышууда курман болгон жарандарды эскерүү митинги өткөрүлөт. Бул тууралуу билдирүүнү жума күнү «Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитети» ушул райондун администрация башчысы Абдымалик Эгембердиевге жолдоду.
Ушул эле күнү «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын Жалалабад облустук бөлүмү президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына кайрылуу жолдоп, мамлекет башчысын жана депутаттарды 17-мартта Аксы районунда өткөрүлө турган эскерүү митингине катышууга чакырды. Кайрылуу ээлери 2-февралда өткөрүлгөн референдумда Аскар Акаевдин 2005-жылга чейин кызматта калышын облусттагы элдин 80% ашууну колдогонун эскертишти. Ушуга байланыштуу алар өз катында: «Урматтуу президент, 17-мартта боло турган жылдыкка өзүңүздүн жарандык, мусулмандык парзыңызды аткарып келээриңизге ишенебиз», - деп жазышкан. Кыймылдын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, 17-мартта өткөрүлө турган эскерүү митингине өлкөнүн жер-жерлеринен келген жарандар жана саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун ошол кезде камакка алышына каршы митингге чыккан анын тарапкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон. Милиция кызматкерлеринин аткан огунан 6 киши ажал таап, ондогон адамдар жарада болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG