Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы түрмөдөгүлөрдүн укуктарын коргойт


БИШКЕК. Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы Түрмөдө отургандардын укугун коргоо боюнча коомдук кеңешти каттоодон өткөрүү сунушу менен Юстиция министрлигине, түрмөдөгү жазалоонун санын азайтуу жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу жума күнү ассоциациянын төрайымы Токтайым Үмөталиева кабарлады. Мындай маселенин көтөрүлүшүнө Кыргызстанда сот жообуна тартылгандардын көбөйүшү жана жашы жете элек балдардын укуктарынын корголбой келатканы себеп болууда.
Түрмөдөгүлөрдүн, анын ичинде жашы жете электердин, аялдардын укуктарын коргоо маселеси мындан эки күн мурда ушул ассоциация менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсеси биргелешип өткөргөн конференцияда талкууланды. Анда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, азыр жалпысынан түрмөлөрдө 12 миң айыпкер камалып жатат. Ал эми Степное айылындагы түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 600 аялдын ичинде жашы жете элек 12 кыз бар. Жалпысынан жаза мөөнөтүн өтөп жаткан айыпкерлердин арасында жашы жыйырмага чыга элек жүзгө жакын кыз бар. Мындан тышкары, Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү бачабаздардын саны 370ке, ал эми СПИД инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны 176га жетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG