Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Кыргызстандык коомчулук айымдарды 8-март майрамы менен куттуктоодо


БИШКЕК. Жума күнү президент Аскар Акаев кыргызстандык аялдарды 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы аял затына жакшы тилектерди ыроолоо менен, аларды Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө ар тараптуу көмөктөшүүгө чакырды.

ОШ. Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында уюштурулду. Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев аялзатын куттуктаган сөз сүйлөдү. Эмгектин алдыңкылары деп табылган аялдарга ардак грамоталар, белек-бечкек берилип, концерт тартууланды. Көңүл бура турган бир гана жагдай - облус бийлиги шаар салтанатына, шаар бийлиги облус салтанатына катышкан жок.

КАРАКОЛ. Майрамдык салтанат облустук мамлекеттик администрациясынын алдында, мектеп окуучуларынын, шаардык, райондук маданият тармагынын өнөрпоздорунун катышуусундагы театрлаштырылган көрсөтүүлөр менен башталды. Облустун жетекчилери Аялдардын эл аралык майрамы менен облустун аялзатын куттукташты. Алардын арасында облустун коомдук жана саясий турмушуна активдүү катышкан, дубандын экономикалык, социалдык жана маданий өсүш-өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон эмгек баатырлары, бейөкмөт жана коомдук уюмдардын лидерлери, өндүрүштүн алдыңкылары бар. Майрам алдында жергиликтүү жетекчилердин демилгеси менен 60тан ашуун кыз-келин «Ысыккөл» эс алуу үйүнөн ден-соолуктарын чыңдап кайтышты. 3 күндүк эс алуу акысыз уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG