Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МИНА «СОГУШУНУН» КЕСЕПЕТТЕРИ


Акыркы жылдары кыргыз-өзбек чек арасына коңшулар тарабынан коюлган миналардан кыргызстандык жазыксыз адамдар каза таап, дагы бир канчалары ден-соолугунан ажырашты. Кыргызстан бул миналардын кесепетинен миллиондогон сом материалдык чыгымдарды да тартып келатат. Соңку учурларда чет өлкөлүк жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар миналарды колдонууга каршы коомдук пикирди калыптандырууга киришти.

23-февралда Баткендин Чоңкара айылынын тургуну Сатарбек Шамшиевдин коңшулар тарабынан коюлган минадан каза табышы ансыз да чек арасын тактай албай, сүрнары болуп келаткан Кыргызстан менен Өзбекстан мамилесин кайрадан ырбатып койду. Өзбекстандын кайда катылганы белгисиз миналарынан бейпил күндө эле жазыксыз жарандардын каза таап же мунжу болуп атышы Кыргызстан бийлигинин да ачуусуна тийген окуялардан болууда.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Алишер Салахитдинов менен 26-февралда жолугуп, Өзбекстандын жетекчилигинен миналарды тазалоо боюнча чара көрүүнү жана мина талаасынын картасынын бир нускасын Кыргызстанга берүүнү суранган. Бирок Өзбекстандын жетекчилиги Кыргызстандын мындай сунушуна чырм этип да койгон жок, ырасмий Ташкен «ак» же «көк» дебей, жообун создуктуруп келатат.

Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, Кыргызстан Өзбекстандын өз коопсуздугун коргоп, эл аралык терроризм менен күрөшүү аракеттерин колдоого алат, бирок жазыксыз адамдардын каза табуусу эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрүүдө.

- Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү керек, бирок андан жазыксыз адамдар жапа тартпоого тийиш. Бул – Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин позициясы. Маселени чечиш үчүн эки тараптын тең каалоосу болушу керек. Кыргызстан маселени тынч жол менен чечүүнү көздөйт жана ырасмий Ташкен да Кыргызстандын мындай сунушун колдоого алат деп ишенет, - деди Эркин Мамкулов.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кармаш минтип ичимтап мүнөздө жүрүп аткан маалда Кыргызстандагы айрым чет өлкөлүк жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар миналарды колдонууга, сатууга жана сактоого каршы коомдук пикирди калыптандырууга киришти. Ыкчамдагандары болсо Өзбекстан менен чектеш аймактардын тургундарын минадан сактануунун жолдоруна үйрөтө башташты. Мындай иштердин башында Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коому турат. Аталган уюм үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып «Элге миналардын коркунучтуулугу тууралуу маалымат берүү» аттуу программасын баштады. Программанын жетектөөчү адиси Насира Баратбаева «жаздын келиши менен эл да мина коюлган жерлерге көп каттай баштайт, себеби Өзбекстан элдин турмуш-тиричилигине түздөн-түз байланыштуу болгон жайыттар менен айдоо талааларын ылгабай туруп миналап салган» деген оюн бөлүштү. Анын айтымында, Кызыл жарым ай коомунун адистери эл менен жолугуп миналардын коркунучтуулугу тууралуу айткандан тышкары, мина коюлган жерлерге эскертүүчү көрнөктөрдү орното башташмакчы.

- Мина коюлган жерлерге чектеш айылдардын тургундары менен жолугуп, аларга минанын эмне экенин, андан кантип сактанса болоорун айтып, түшүндүрүп кайттык. Ошондой эле миналар коюлган жерлерге эскертүүчү көрнөктөрдү орнотууну болжоп жатабыз. Көрнөктөр март айынын этегинде даяр болуп калат. Өкүнүчтүүсү - миналардан жазыксыз эле адамдар, өзгөчө балдар да жапа чегүүдө, - дейт Насира Баратбаева.

Кызыл жарым ай коому тарабынан жүргүзүлө баштаган бул иштерди арга кеткендеги акыркы айла катары караса да болот. Себеби, Өзбекстан өз коопсуздугун бетке кармап, анан да, чек ара сүйлөшүүлөрүнүн аяктабай жатканын айтып, миналарды тазалоодон баш тартып келатат. 2001-жылдын август айында Кыргызстан Өзбекстандын миналарын өз алдынча тазалоого киришкен болчу, бирок бул ишке коңшулар дароо эле каршы чыгышкан. Коргоо министрлигинин инженердик бөлүмүнүн адиси, подполковник Тайырбек Мадымаров бул окуя тууралуу өз оюн бөлүштү.

- Ошол жумуш убагында биз 32 гектар жердин минасын тазалоого үлгүрүп калдык. ОЗМ-72 маркасындагы минанын тогузун таап, жок кылдык. Ал эми ПМ маркасындагы миналар жарылгандан кийин калдык калтырбайт, ошондуктан мындай миналардын канчоосу жок кылынганы тууралуу бизде маалымат жок. Миналарды тазалоо ишибизге Өзбекстандын чек арачылары каршы чыгышты. Алар «эгер силер бул ишиңерди токтотпосоңор биз баары бир силер тазалаган жерлерге кайра мина төшөйбүз, анын үстүнө силер талаштуу жерлерде иштеп жатасыңар» деген кинесин айтышты. Ошондуктан биз да мина тазалоо иштерин токтотууга аргасыз болгонбуз, - дейт подполковник Тайырбек Мадымаров.

«Миналарга каршы эл аралык кампания» уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Чолпон Галиева «миналарды колдонуудан келип чыккан каргашалардан кутулуунун эле жакшы жолу - Өзбекстан да, Кыргызстан да Оттава конвенциясына кол коюп, минаны пайдалануудан биротоло баш тартса болмок» деген пикирин ортого салды:

- Эгерде Кыргызстан да, коңшубуз Өзбекстан да Оттава келишимине кол коюп, миналарды колдонуудан таптакыр баш тартып, мина талааларын тазалашса – кайгылуу окуялар мындан ары кайталанбайт эле.

«Миналарга каршы эл аралык кампания» уюму 1997-жылы 3-декабрда Канаданын Оттава шаарында миналарды толук жок кылуу кыймылын баштап, Оттава конвенциясын жарыялаган. Бүгүнкү күндө бул конвенцияга 146 мамлекет кол койгон жана бул өлкөлөрдө миналар таптакыр колдонулбайт да, сатылбайт.

Тилекке каршы, Өзбекстандын да, Кыргызстандын да жетекчилиги Оттава конвенциясына кошулбай келатат. Буга Баткен окуясынан кийин Борбордук Азия аймагында түзүлгөн кырдаал жолтоо болууда. Анын үстүнө экономикалык жана коргонуу жагынан чама-чаркы чектелүү жаш мамлекеттер өз эрки менен эле кымбат баалуу аскердик каруу-жарагынан баш тарта койбосу анык. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эркин Мамкулов Оттава конвенциясына Кыргызстан эмне себептен кошула албастыгын мындайча негиздеди:

- Кыргызстан Оттава конвенциясынын гуманитардык багытын негизинен колдойт. Бирок Кыргызстан Оттава конвенциясы талап кылгандай, азыр аскердик күчтөрүбүз колдонуп аткан эски үлгүдөгү миналарды жок кылып, заманбап миналарды сатып алууга чамасы жетпейт. Ошол себептүү Кыргызстан азырынча Оттава келишимине кошула албайт.

XS
SM
MD
LG