Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЗ-КЕЛИНДЕР СПОРТУНУН АБАЛЫ


Кыргызстанда кыз-келиндерден 3 олимпиада чемпиону бар. Алар - Татьяна Колпакова, Мария Күлчүнова жана Елена Баранова. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарында кыргызстандык кыздар 2 алтын, 2 коло медалдын ээси болушкан. Кыз-келиндердин жаз майрамы алдында Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчу кыздар жөнүндө сөз болот.

Кыргыздардын тарыхында кыз-келиндерге, аялзатына арналган элдик оюндар арбын болгон. Жоолук таштамайдан баштап, шабиет, топ таш, упай, кан таламай, орто топ, качма топ, катар, деги толгон оюндар кыз-келиндердин дене тарбиясынын, акыл жөндөмүнүн өсүшүнө өбөлгө болчу.

Кыргыздын кыз-келиндери аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, кыз оодарыш, эңиш, тыйын эңмей сыяктуу оюндарда жигиттердин намысын козгоп, мөрөй алган учурлар болгон. Совет доорунда кыргызстандык кыз-келиндер спорт менен машыгып, мелдештерге катышып турушкан. Алгач олимпиадалык бийиктикти багындырып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын жылдызы жанды.

Кыргыз кыздарынан олимпиадалык алтын медалды – Мария Күлчүнова тагынган. Ал 1988-жылы Сеулда өткөн 24-Олимпиадалык оюндарда 400 метрге чуркоодо марага биринчи келген. Мария – СССР-Америка, СССР-Германия беттешүүлөрүнүн Европа чемпиондугун жеңип алган. Ал жеткен бийиктике азырынча бир да кыргыз кызы жете элек. Ысыккөлдүк жөө күлүк Вера Корсакова дүйнө рекордун жаңыртып, кыргыз спортуна бараандуу салым кошкон. Кыргызстандык кыз-келиндер Тамара Акимова, Гүлзина Өмүралиева, Бактыгүл Токторбаева, Наташа Фадеева, Алтынай Темиркулова жана Ирина Орлова самбо күрөшү боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарында жеңишке жетишкен. Дзюдо күрөшү боюнча да Кыргызстандын кыздар командасы ийгилик жарата алган. СССРдин чемпиону Дина Максүтова Барселона Олимпиадасына катышса, анын жолун Наташа Кулигина Атланта Олимпиадасында улантты. Сидней Олимпиадасында да Ольга Артамонова менен Наташа Кулигина Кыргызстандын намысын коргошкон. 20 жылдан ашуун колунан тапанчасын түшүрбөй Кыргызстанды Азияга, дүйнөгө тааныткан Забида Ырсалиева ок атуу спортуна жаштыгын, гүлгүн өмүрүн арнады.

Бирок Забиданы кыргыз спорт жетекчилери учурунда колдоого алып шарт түзгөн жок. Барселона Олимпиадасында Шериктештик өлкөлөрүнүн баскетбол командасынын катарында ойноп, олимпиада чемпиону болгон кыргызстандык Елена Баранованын спортко кошкон салымы чоң. Ал учурунда Бишкектин «Строитель» командасынын катарында ойноп, чоң спортко аттанган. Кийин Москванын «Динамосунда», Израилде жана АКШда баскетбол клубдарында ойногон. Шахмат боюнча Светлана Матвеева, Бактыгүл Самаганова, Бактыгүл Тиленбаева, Ирина Острый, София Сабирова, Жаңыл Тиленбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадаларына кыргыз туусун көтөрүп барышкан.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыз-келиндерден марафончу Ирина Богачева, гимнаст Татьяна Торопова, жеңил атлетчилер Елена Бобровская, Татьяна Борисова жана Татьяна Ефименко, мерген кыз Елена Костюкова, фехтованиеден Татьяна Рубан менен Светлана Верульская, эркин күрөштөн Яна Панова ийгиликтерге жетише алышты. 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчилер Татьяна Борисова менен Татьяна Ефименко өлкөнүн тарыхында алгач ирет Азия оюндарынын алтын медалдарын тагынды. Мерген кыз Елена Костюкова менен балбан Яна Панова бул Азия оюндарында коло байгелүү болушту. Кыргыз жергесине айкидо чыгыш өнөрүн философия илимдеринин кандидаты Гүлмиза Сейиталиева жайылтып жүрөт.

Ошентсе да кыргыз кыз-келиндери спортко анча маани бербей жүргөндүгү өкүндүрөт. Бул жөнүндө Бишкектеги И. Арабаев атындагы педагогикалык университеттин дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Замира Камчыбекова мындай дейт:

- Бизге көбүнчө кыздар айыл мектептерин бүтүп келишет. Айылда дене тарбия сабактарына маани берилбейт. Бир топту берип коюп волейбол же баскетбол ойнотушат. Кыздар бизге келгенде дене тарбия сабагында абдан кыйналышат. Алар үчүн атайын программа түзүп окутабыз. Мындан 15 жыл мурда кыздардын даярдыгы дурус, ден-соолугу чың болчу. Бир тайпадагы кыздардан төрт-бешөө оорукчал болсо, бул тайпаны чабал деп айтчубуз. Азыр баары тескерисинче. Бир тайпада 5-6 кыздын гана ден-соолугу чың. Калганы оорукчал. Буга азыркы экологиялык, экономикалык абал да терс таасирин тийгизип жатат.

Замира Камчыбекованын оюн ушул И. Арабаев атындагы университеттин чет тилдер факультетинин 5-курсунун студенти, дзюдо күрөшүнүн спорт чебердигине талапкер Кундуз Оморова мындайча улантты:

- Чынында кыздар арасында мелдештер аз өткөрүлөт. Айылдагы мектептерде спорт секциялары иштебейт. Мен университетке келгенде гана дене тарбия сабагынын маанисин түшүндүм. Дзю-до күрөшү менен машыгып, аз убакытта ийгиликке жетиштим. Азыркы учурда өзүңдү коргой билүү зарыл. Кыздар да спортко анча маани беришпейт. Кыргызда таланттуу кыздар арбын. Ошол кыздардын спорт жагынан багы ачылбай келүүдө. Көп жыл спортко катышкан башка улуттардын кыздарына караганда айылдык кыздар чыйрак, тың келет. Муну мен өз тажрыйбамдан билем.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыз-келиндер спортуна көңүл бөлүнбөй келүүдө. Ал түгүл кыздар спортун жөнгө салуучу ассоциация же бирикме алигиче түзүлө элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG