Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Ирак кризиси коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн жыйынында чечилиши мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Франциянын президенти Жак Ширак билдирди. Германиянын президенти Йоханнес Рау да кризисти тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.Француз тышкы иштер министри Доменик де Вильпен жакынкы күндөрү Анголада, Камерунда жана Гвинеяда болуп,аларды Иракка күч колдонуу механизмин караган резолюцияга каршы добуш берүүгө көндүргөнгө аракет кылмакчы. Аталган үч өлкө азыр ООНдун коопсуздук кеңешинин утурумдук мүчөсү болуп саналат. Азиялык өлкөлөрдөн Вашингтон менен Лондондун позициясына Австралия, Япония колдоо билдирди,ал эми Кытай, Малайзия, Индонезия ирак кризисин инспекция жолу менен чечүүнү жактайт.

XS
SM
MD
LG