Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Түркиялык аскер адистери кыргызстандык кесиптештерин окутту


Түркия аскерий инструкторлорунун жетекчилигинде ички коопсуздукка байланыштуу Кыргызстандын коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын окутуунун кезектеги этабы аяктады. Бул окутуу 2000-жылы жайында кол коюлган Түркиянын Аскерий Башкы штабы менен Коргоо министрлигинин ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөрдү даярдоо тууралуу протоколдун негизинде ишке ашты. Иш чараны жыйынтыктоо салтанатында белгилүү болгон маалыматтарга караганда, 2000-жылдын жайынан бери түркиялык инструкторлор кыргызстандык 688 аскер кызматчысын даярдашты. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Эрөктөм Музафердин айтымында, эки мамлекет ортосунда кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бардыгы жүз келишим жана макулдашуу бар. Элчи ошондой эле Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоевдин Түркияга жасаган акыркы иш сапары аскерий багытта эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты дагы бекемдээрин белгиледи. Кыргызстандык аскерий делегация Бишкекке 7-мартта кайтып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG