Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Омбудсмандын борбордук аппарат кызматкерлери толукталды


Кыргызстандын Омбудсманынын борбордук аппаратында иштѳѳчү кызматкерлер конкурс менен тандалып алынды. Учурда анын аймактык бөлүмдөрүнө кызматкерлерди тандоо улантылууда. Бул тууралуу Омбудсман Турсунбай Бакир уулу маалымдады. Анын айтымында, учурда Акыйкатчынын борбордук аппаратында 70 жакын адам иштөөдө. Мындан сырткары ар бир облуста экиден өкүл иштейт. Акыйкатчыга үч орунбасар келерки аптада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан шайланат. Орунбасарлыкка 26 талапкер чыгууда. Алардын арасында Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары Оксана Малеваная, Турдубек Чекиев бар.

XS
SM
MD
LG