Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Бишкекке Кызыл Чырым, Кызыл Жарым Ай коомунун эларалык федерациясынын башкатчысы келди


8-мартта Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясынын башкатчысы Дидье Шерпитель Бишкекке бир күндүк иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун төрайымы Раиса Ибраимова менен жолугушуп, журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрдү.
Жолугушуу учурунда башкатчы тармакта иштеп жаткан аялдарды жана жалпы эле Кыргызстандын кыз-келиндерин майрамы менен куттуктады. Кыргызстандагы Кызыл Жарым ай коомуна ыраазычылык билдирди. Өткөн беш жыл ичинде Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Кыргызстанга 5 миллион долларлык гуманитардык жардам тартылган. Азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кече түрүндөгү бул жардамдар калктын жети пайыздан ашыгына жеткен.
Дидье Шерпитель Кызыл Жарым Ай коомунун төрайымы Раиса Ибраимова менен жолугушуу учурунда саламаттык сактоо, миграция боюнча иштеп аткан программаларды талкуулады. Иш сапарынын учурунда Кызыл Жарым Ай, Кызыл Чырым коомунун эл аралык федерациясынын башкатчысы жергиликтүү коомдун кайрымдуулук ашканасында болду. Бул жерде көп бүлөлүүлөргө, жетим балдарга, жалгыз бой карыларга күнүнө 350 даана бөлкө нан таратылып турат.

XS
SM
MD
LG