Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Улуттар уюму кол өнөрчүлөр көргөзмөсүн ачты


8-мартта Кыргызстанда аялдардын эларалык күнү белгиленди. Майрамдын урматына жума күнү Улуттар уюмунун Бишкек кеңсеси колго жасалган улуттук буюмдардын көргөзмөсүн ачты. Көргөзмө Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын «Социалдык башкаруу» долбоорунун чегинде ишке ашты.
Аялдардын колу менен жыгач, булгаары, кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсүн ачууга эларалык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкулов аялдарды майрамы менен куттуктады. Салтанатка Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекова, Социалдык коргоо министри Роза Акназарова баш болгон аялдар катышты. 8-мартта Бишкек мамлекеттик циркинде аялдар майрамына, калктын аз камсыз болгон катмарына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эларалык «Спутник» жана москвалык «Сафари» цирктери программасын көрсөтүштү. Цирк оюндарын көрсөтүү демилгесин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу жыйынын депутаты Кабай Карабеков көтөргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG