Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:25

ЧЕК АРА - ТҮГӨНБӨС УБАРА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Чек арадан ары-бериш өтүштүн азабын тартып атышкан Сузак районундагы Бекабат кыштагынын тургундары адамдык укугун коргоо өтүнүчү менен облустагы бейөкмөт уюмга кайрылышты. Кыштак жашоочулары менен жолугушкан облустук адам укугун коргоо уюмунун төрагасы Абдиназар Маматисламов бекабаттыктардын талабы жана чек ара маселесин чечүү тууралуу баяндайт.

- Абдиназар мырза, Өзбекстанга чектеш Бекабат кыштагындагылар чек ара көйгөйү тууралуу кандай доомат айтышты?

А.Маматисламов: - Өзбекстандын чек арасына жакын айылдардын маселеси чек арада, постто болгон окуяларга байланышкан. Ал жердеги элдердин айтымында, Өзбекстандын бажысындагы жаш эле балдар өтүп аткандарды токтотуп, акча чогултуп, начар мамиле жасашууда. «Мени урду» деп ошол жерде бир аял айтты. Өзбекстандын укук органдарына кайрылдыңбы десек, «жок» дейт. Себеби, аларга ишенбейбиз дейт. Буга чейин көп маселе топтолду. Бизге кайрылышкан, эл менен жолугуштук. Жакында миграция боюнча жыйын өткөрүп, биртоп маселелерди айттык.

Адамдын атуулдук жана саясий укугу боюнча пакты бар. Ал ратификация кылынган. Ошого ылайык эки мамлекет тең өзүнүн аймагында ар бир адамдын укугун коргош керек. «Өзбекстанда биздин бийликке кайрылууга укугубуз барбы», деп сурашат. Кантип болбосун. Мына Кыргызстанда Орусиядан келген кишилер бар, туура эмес иштер боюнча кайрылганда алардын мыйзамдуу талабы аткарылып, маселеси чечилди. Бардык адам кайрылууга укуктуу. Бул жердеги аксакалдарга жоолугушканда байкадым, алар Өзбекстан өзүнчө мамлекет, биздики өзүнчө мамлекет экенине маани беришпегендей көрүндү. Алар капа болуп, «чек ара коюп алды» деп сүйлөшөт. Түшүндүрүшкө туура келди. Ошондой жерлерде биз иш жүргүзүшүбүз керек.

Экинчи маселе, Өзбекстандын бажычылары, чек арачылары турат. Алар Кыргызстан атуулун паспорту менен жакын облустар ортосунда тоскоолдуксуз өткөрүүнү билишпейт, мүмкүн, билсе дагы биздин жарандардын кабарсыздыгынан пайдаланып аткандыр. Наманган, Фергана облустарындагы чек араларда да ушундай окуялар болууда. Бул маселени чечиш керек.

Бул бир эле шаар же эки айыл ортосунда чечиле турган маселе эмес. Бул жогортон чечиле турган маселе. Өзбекстандын Кыргызстанда элчилиги бар, Кыргызстандын Өзбекстанда элчилиги иштеп атат, тышкы иштер министрлиги бар. Ошолорго же президентке чейин кайрылып ушу маселелерди чечип алыш зарыл. Конституция боюнча мамлекет атуулдарынын укугун коргоого милдеттүү. Ушул маселелр боюнча кайрылабыз деп турабыз.

- Кыргызстандын жергиликтүү бийликтерине ушул тууралуу билдирдиңиздерби?

- Азырынча жок. Материалдарды чогултуп атабыз. Баарын чогултуп, анан албетте, билдиребиз.

- Кыргыз - өзбек чек арасындагы тоскоолдуктарды кантип жеңилдетсе болот?

- Бул боюнча, биз элди окутушубуз керек. Ошол жерге барып айткан менен чек арачылар жакшы билбесе, акыбал ушундай эле калышы мүмкүн. Ошондуктан чогулуштарды, тегерек столдорду өткөрүп, бир гана Өзбекстан эмес, өзүбүздүн чек арачыларды да чакырып, ошол жерде бир стандарт киргизишибиз керек. Себеби, эл аралык пакт бирдей эле. Ар кандай мыйзам ошого ылайык болуш керек. Эгер ар кандай кодекс каршы келсе, ратификацияланган эл аралык мыйзам колдонулат, деп жазылган. Адамдын саясий укугу эл аралык пактта так көрсөтүлүп жаткандан кийин улуттук мыйзамдар ага ылайыкташат. Ошону элге түшүндүрүү керек деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG