Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө болду


9-мартта таңга маал саат 5тен 31 минута өткөндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө болуп өттү. Анын очогу Фергана тоо кыркасынын түндүк капталында жайгашып, ал жерде титирөөнүн кубаты 4 балга жеткен. Каракөл, Көкжаңгак шаарларында титирөө кубаты 4 бал, Жаллабатта 3.5, ал эми Ош шааарында 2 бал болгон. Бул тууралуу жекшембиде «Бишкек» сейсмологиялык борборунан кабарлашты. Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин оперативдик кызматынан маалыматы боюнча жер титирөөдөн жапа чеккендер жана кыйроолор болгон эмес.


Кабарларды даярдаган Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG