Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Бажы кызмат башчысынын орунбасары гезитти сотко берди


Кыргызстандын мамлекеттик бажы инспекциясынын башчысынын орунбасары Айдарбек Дүйшалиев «Кыргыз ордо» гезитине каршы жаңы доо арыз менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Анда гезиттен өз пайдасына 500 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү айтылган. Бул тууралуу «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев билдирди. Буга чейинки арызында Айдарбек Дүйшалиев «Кыргыз ордо» гезитин жаап, редакциядан өз пайдасына 350 миң сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн эле. Анын сотко кайрылуусуна «Кыргыз ордо» гезитинин өткөн жылкы санында «Плагиат бажычы» аттуу макаланын жарыяланышы себеп болгон. Макаладагы маалыматтар «менин ар-намысыма доо кетирди» деп, Айдарбек Дүйшалиев 2002-жылы сотко кайрылган. Сот доогердин гезитти жабуу жөнүндөгү талабын канааттандырбай, бирок редакциядан Дүйшалиевдин пайдасына 350 миң сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Сот чечимине ылайык гезиттин мүлкү кайтарууга алынып, анын натыйжасында жаңы жылдан бери «Кыргыз ордо» гезити чыкпай турат.

XS
SM
MD
LG