Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

ТАРЫХ ТАРАЗАСЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АЙЫМДАРЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Аялдар кыргыз элинде урматталып, коомдо татыктуу орун ээлеп келген. ХIХ кылымда кыргыз жерин кыдырган чет элдик саякатчылар да кыргыз аялдарына суктанышып, жылуу сөздөрүн айтышкан. Эл башкарган эрендердин акылына акыл кошкон журт башкарган айымдар деле арбын болгон. Алардын ысымдары эл арасында аңыз кепке айланып азыркыга чейин айтылып келет.

Аялдарга кыргыздар аяр мамиле жасап, ар дайым сый-урмат көргөзүп келген. Дастандарда, элдик чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазага алынган. Андагы Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл Мырза сыяктуу кыргыз кыздарынын жандуу образы менен жаңы муун тарбияланган.

Тарыхта урукка, урууга, аймактагы элге башчылык кылган кыргыз аялдарынын ысымдары көп кездешет. Бирок, ѳткѳнгѳ таптык көз караш таңууланган коммунисттик доордо ал тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес эле. Кыргыз аялдары төңкөрүшкө чейин коомдо укуксуз, теңсиз, күң абалында жашагандыгы дамамат айтылып келген. Көптөгөн тарыхый даректерде кыргыз аялдарынын ачык- айрым, меймандос, эл башкарып, коомдук иштерге аралашкандыгы айтылат. ХIХ кылымда Кыргыз жергесине келишкен европалык саякатчылар, да кыргыз аялдары тууралу баалуу даректерди жазып калтырган.

Казактын чыгышпоз аалымы Чокан Валиханов 1856-жылы Ысык-Көлгө келгенде кыргыз аялдарынын абалы менен таанышып чыккан соң, ал тууралуу:

«Кыргыз аялдары ак көңүл, ушунчалык баласаак. Аялдар күйөөлөрүнө таасир көргөзө алышат, манаптардын аялдары эч кандай иш жасабайт. Ал гана эмес кембагалдарынын аялдары деле көп кыйналбайт» - деп жазган. Андан ары ал:

«Мен отурган боз үй жаш жана улгайган аялдарга жык толуп, биздин ортобузда ишенимдүү сөздөр башталды. Биз жаш аяштар менен тамашалашсак, алар курч жооптору менен сөз кайтарып жатты» - деп, кыргыз аялдарынын ачык-айрымдуулугун белгилеген.

1896-жылы Ош, Алай, Памир кыргыздарында болуп кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокко кыргыз аялдары тууралуу:

«Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздардай өз ата, энелерин, аялдарын урматтагандар аз кезигет. Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт, тескерисинче, өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын ою да сөзсүз эсепке алынат», - деп жазган.

Италиялык саякатчынын жазганы боюнча:

«Ал тургай согуш учурунда же башка бир тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч отура албайт, кээде алар өз боз үйүнүн бейпилдигин коргоо үчүн кармашка кирген учурлар болгон. Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар жөнүндөгү аңгемелери кыргыз жана түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун элестетет. Эрктүүлүгү, чарбачыл акылмандыгы менен Азия талааларынын аялдары ХIII кылымда эле Туран өлкөлөрүнө саякатка барышкан европалыктарды таңдандырган».

1907-жылы Ошко келип Курманжан датканын өмүр таржымалын изилдеген И.П.Ювачев да кыргыз аялдары тууралуу жылуу пикирин жазган. Ал «Курманжан датка - алайлык кара-кыргыздардын канышасы» деген даректүү макаласында:

«Адатта Түркстандагы мусулман аялдарынын эч кандай укугу болбойт. Күйөөлөрү аларды пулга сатып алган оокаты катары көрүшөт. Күйөөсү аялын башка кишиге көрсөтпөйт. Аял киши тышка чыгып калса бетин кара чүмбөттөп, башынан аягына чейин паранжы менен жаап алышы керек. Паранжы бир көргөн кишинин көзүнө өтө эле өөн учурайт. Кыргыздардын аялдары тышта болобу, үйдө болобу өз каалаганындай жүрө берет. Ал жүзүн бирөөдөн эч качан жашырбайт. Кийген кийимдери да кудум эле эркектердикиндей ийиндерине чаар чапан жабынышат, баштарында болсо ак элечек. Бир болгон айырмасы - аялдар элечекти ээк алдынан байланып алышат. Кыргыз аялы ат үстүндө эркин жүрөт, чарбачыл, конок-кечени жайдары тосуп алган үй ээси. Кыргыз аялы коомдук иштерге катышкан мисалдар да болгон», - деп кыргыз аялдарынын башкалардан өзгөчөлүгүн көрсөткөн.

Курманжан датка жөнүндө 1898-жылы жарык көргөн дагы бир макалада, анын акылына суктанган автор, «бул жерде эч таң кала турган нерсе жок, анткени кыргыздарда акылдуу аялдар зор таасирге бөлөнүп келген», - деп жазат. (Туркестанские ведомости, 1898, №17).

Биз жогоруда өткөн кылымдарда кыргыз аялдары тууралуу жазылган үч дарекке гана токтолдук. Мындай мисалдарды айта берсек өтө эле көп. Кыргыз жергесине үч башка мезгилде келишкен бул авторлордун жазгандары бири-бирине үндөш.

Тилекке каршы, кыргыз аялдарына берилген мындай мүнөздөмөлөр чечмеленип изилденбей келди. Тарыхта аты таанымал кыргыз аялдары тууралуу алигиче атайын эмгек жок. ХIХ кылымда Кокон хандыгынын ордосунда зор таасирге ээ Жаркын айым, Зыяда датка, Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Көлдө таланты менен таанылган Бурулча сыяктуу кыргыз аялдары тарыхта өз баасын албай келет. Айтылуу Алай канышасы Курманжан датканын өмүрү, ишмердиги кийинки муундарга толук ачыла элек. Айтор, кыргыз аялдарынын тарыхта ээлеген орду тууралуу айтыла турган сөздөр али алдыда.
XS
SM
MD
LG