Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Ж. ЖАКИШЕВ: «КУМТОР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИге КЫРГЫЗДЫН АЛТЫНЫ ЭЛЕ КЕРЕКПИ?»


2002-жылдын 8-июлунда Кумтөр алтын кенинде тоо көчүп, «Кумтор оперейтинг компани» акционердик коомунун тоо мастеринин жардамчысы Алмаз Жакишев көчкү астында калган. Алмаздын ата-энеси «балабыз тирүү калышы ыктымал, ал кандай абалда болсо да бизге көргөзгүлө» дешип, 8 айдан бери жакшылыктан үмүт үзбөй келишет. Алмаз Жакишевдин атасы Жумадил аба компания Алмазды жакшы издебей, убакытты созуп келатканын айтат.

- Жумадил мырза, канчалык оор болсо да уулуңуз Алмаз азыр эле эшиктен кирип келчүдөй илгери үмүт менен жашап келесиздер. «Кумтөр оперейтинг компани» тарабынан Алмазды издөө иштери кандай жүрүп жатат?

- Кырсык болгон 2002-жылдын 8-июлунун эртеси эле – 9 июлда кендин өзүнө барып, кулаган тоону көрүп, түзүлгөн кырдаал менен тааныштык. Ошондо «Кумтор оперейтинг компанинин» (КОК) биринчи вице-президенти Жон Казаков 6 айдан бир жылга чейинки аралыкта көчкүнү тазалайбыз, Алмазды табууга болгон аракет-күчүбүздү жумшайбыз, деп сөз беришкен эле. Мен уулумду табуу ишин тездетели деп, урушуп-талашып жүрүп туннелдик труба аркылуу да каздырып көрдүм. Акыры компаниянын сунушуна маакул болуп, апрель айына чейин көчкүнү толук тазалап бүтөбүз деген убадасына ишенген элек.
Бирок үстүбүздөгү жылдын 10-январында «Кумтөр оперейтинг компанинин» президенти Терри Рожерс кызматтан кетип, анын ордуна Эндрю Люис келди. Жакында аны менен жолугуп сүйлөшкөн учурда жаңы президент биздин кандай абалда келатканыбызга карабай, кайдыгерлигин көрсөтүп, жыландын башын чыгарды. Ал «көчкүнү тазалоо иштерин октябрда бүтөбүз, анда бүтпөсөк кийинки жылга калат» деди кенебей туруп. «Эмнеге издөө иштерин минтип кечеңдетип жатасыңар?» деп суроо берсем, «техникалар ал жерге батпай жатат, аба-ырайы тоскоол болуп атат», деп көрүнгөн шылтоолорду айтышты. Ошондо мен алардын балам Алмазды издөөгө көңүлдөрү жок экенин, КОК үчүн кыргыздын алтынынан башка эч нерсенин кереги жоктугуна чындап көзүм жетти. Болбосо, мындай кубаттуу, бай компаниянын көчкүнү мынча убакыттан бери тазалап койууга күчү да, техникасы да жетиштүү эле. Күн өткөн сайын уулубуздун чындап эле көчкүнүн алдында калганына да күмөн боло баштадык, Батыштын киши уурдайт дегени бизге да келгенби деп. Убакыт аккан сайын бизге да кыйын боло баштады – энеси ооруй баштады, мен болсо эркек экенмин, бери карап күлүп, ары карап ыйлап коюп келатам.


- Тоо кулагандан кийин анын себептерин изилдөө максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн эле. Комиссия чыгарган жыйынтыктарга сиздин пикириңиз кандай? Алтын казып алуу маалында канадалыктар эмгек коопсуздук эрежелерин сактаганбы? Дегеле, кырсык эмне себептен келип чыккан деген ойдосуз?

- Өкмөттүк комиссиянын пикирине мен толук кошула албайм. Ошондуктан мен көзкарандысыз адистер кырсыктын себебин иликтеп чыкса деген ойдомун. Себеби, өкмөттүк комиссиянын айтымында, тоо табигый себептен кулаган, деген жыйынтыкка келиптир. Алардын пикиринде, жер астындагы жер титирөөлөр кырсыкка себеп болуптур да, «Кумтөр оперейтинг компанинин» ишинде олуттуу деле кемчилик жок экен. Мен болсо иш жагдайынын андай эместигин куралданбаган көз менен деле көрүп турам. Себеби, биринчиден, кендин эң үстүнкү катмарын ачкан учурда миңдеген жылдар жаткан түбөлүк муздарды бузушкан. Анан анын алдындагы тоң ээригенде суу кайда бармак эле, жер астына кирет да жарака пайда кылат. Жарака акыры ушундай чоң көчкүнү пайда кылып отурбайбы. Муну КОК жетекчилери акчаны үнөмдөйбүз деп толук изилдешкен эмес. Көчкүнүн жүрүшүнө экинчи себеп: күн сайын тынбай жардыруу болуп турат. Алтындын кыныгына кирип алышып, нормадан көп жардырышкан. Ошол жардыруулардын натыйжасы кандай кесепеттерге алып келээри да эсепке алынган эмес, техникалык-долбоорлоо негиздемеге булар кирген эмес, демек, мыйзам бузууларга жол берилип келген. Ушулардын негизинде жана баламды издөө иштери создуга баштагандан улам мен кырсыктын келип чыгуу себептерин изилдөө максатында түзүлгөн өкмөттүк комиссия үстүртөн бир жактуу жыйынтык чыгарды деп эсептейм.

- Сиз фонд түзүп, ага Алмаздын атын коюпсуз. Мындай фондду эмне максатта уюштурдуңуз?

- Карап көрсөм өз жерибизде өзүбүздүн элибиз эле кор болуп, кыйналып жатыппыз. Коомчулук бири-бирибизге көмөктөшпөсөк,оппозиция жана бийлик болуп кармашып жатышып, эл унутулуп калды. Алмаз атындагы фондду ошол себептен ачтым. Мындан ары мындай кырсыктар болбосун деген тилек. Себеби, менин балама байланышкан бул кырсык Кумтөрдө биринчи жолу болуп жаткан жок. Кенде иштегендер ушуну менен 33 адам зыян тартты дешти мага. «Кумтөр оперейтинг компани» ишке ушундай атүстүнөн мамиле кылып атса кырсык мындан ары дагы болбойт деп ким кепилдикке өтө алат?! Туура, КОК үчүн мүмкүн болушунча таза киреше алып, акчага туйтунуу турат, бирок, ошол эле маалда адам тагдырын да ойлоо керек да. Алмазды издөө иштери минтип создуга берсе биз сотко кайрылууга аргасыз болобуз. Уулумдун дайнын тактабай кантип үйдө тынч жатам?!

XS
SM
MD
LG