Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

МАРТ МАЙРАМЫ, КУРУЛТАЙ КУБАНЫЧЫ, АТААНДАШСЫЗ АКАЕВ


“Заман Кыргызстан”, “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз туусу”, “Вечерний Бишкек”, “Моя столица”, “Аргументы и факты в Кыргызстане” – 7.03.03.

Кыргыз бийлигин дүйнө колдоп , оппозиция элди артка тартып жатканын жума күнкү “Заман Кыргызстан” гезити аркылуу Жалалабат облус жетекчиси Жусупбек Шарипов билдирди. “Алардын ою эптеп бийликке жетүү,- дейт Ж. Шарипов.- Р.Дырылдаев, А.Бекназаровдун ою элдин жашоо турмушун төмөндөтүп, элге бийликти жаман көрсөтүп, көтөрүлүш чыгарып, бийликти тартып алуу. Мен ойлойм, алар эч качан бийликке келбейт. Жалпы эл өкмөткө ишенет”. Облус жетекчисинин пикири боюнча, “Кыргызстанда А.Акаевге альтернатива жок. Кыргызстан дагы эле А.Акаевге муктаж болот.”

Жума күнкү “Кыргыз туусу” гезитинде “Аскар Акаев – демократиянын күзгүсү» аталышында ачык кат жарыяланды. Өзгөн элинин атынан ал катка кол койгон ардагерлер президентке «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу сунушун билдиришкен. “Маңдай терден жаралган ийгиликтерди көрө албаган айрым оппозициялык күчтөр жаш мамлекетибиздин түптөлүшүнө кийинки урпактарга кала турган баалуу мурастарыбызды бурмалашып, кыргыз эли көптөгөн өлкөлөргө карыз деген тайыз түшүнүктү таратып жүрүшөт”,- деп жазышат алар. Президент Акаев кызмат мөөнөтү бүткүчө 1 млрд. 700 миллион $ карыз акчанын 800 миллион $ кечиртип салуу аракетинде жүргөнүн ардагерлер ачыкка чыгарышкан.

“Слово Кыргызстана” гезитинин “Апта соңунда» - «В конце недели» тиркемесинде 6-мартта өткөн курултайдан репортаж, президенттин жыйында сүйлөгөн сөзү жарыяланды. Президенттин айтымында, республикадагы коомду бөлүп-жарып келаткан саясий талаштарды токтотуунун мезгили келди. Мындай талашты өз камын ойлогон, “бөйрөктөн шыйрак чыгарууга ниеттенген күчтөр таңуулоодо», дейт президент. Акаев “жамандыкты көздөгөн күчтөргө сокку уруу зарыл”, деп эсептейт.

Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин президент А.Акаев төртүнчү мөөнөткө шайланууга акысы барбы, деген суроо менен “Моя столица” гезити абакта жаткан “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловго кайрылган. Анын жообу гезиттин жума күнкү санында жарыяланды. Феликс Куловдун пикири боюнча, Конституциянын жаңы редакциясына таянып А.Акаевдин 4-мөөнөткө шайланууга акысы жок. Эгер президент эл турмушун 3 жыл ичинде жакшыртып, экономиканы алдыга жылдырып ийсе жаамы калк эмес, бийликтин каршылаштары чогулуп, Конституцияны дагы өзгөртүп, бир адам эки-үч эмес, андан көп мөөнөткө президенттикке шайланууга укуктуу деп жазып коюшу ажеп эмес. Феликс Кулов Конституциянын жаңы редакциясы боюнча кош палаталуу парламенттин иштөөсү мүмкүн эмес, ошондон алар өзүнөн-өзү тарап кетиши ыктымал, деген пикирин ачыкка чыгарат.

Парламент депутаттарынын маянасы көп, президент менен өкмөт антип акча чачпай, жупуну жашаарын маалымдаган “Вечерний Бишкек” гезитинин жазгандары туура эместигин Геннадий Кузьмин ырастайт. Президент Акаевдин бир жыл ичинде тапкан акчалай кирешесине караганда, мамлекет башчысы ай сайын 42 миң сомго жакын маяна алып келген. Палата спикеринин алган акчасы андан 10 миң сомго аз.

Кыйладан бери Канттагы цемент-шифер комбинаты “Кыргызгаз” акционердик коомуна карызын төлөбөй, ага кысым көрсөтүп, амал-айла жасап келатат. Журналист Лариса Линин “Газ бөлүштүрүп атышат – шиферлер учууда” деген макаласы мына ошол экономикалык талаштан саясий өң-түс алып бараткан иштин чоо-жайын аныктоого арналган. “Моя столица” гезитинде токол алуу проблемасын козгогон Марина Мулинанын “Үйлөнсөмбү, үйлөнөйүнбү, үйлөнүп алсамчы?” деген макаласына да орун берилген. Анда Кыргызстанда токол алгандардын саны арбып баратканы, андай тенденцияга мыйзамдык өң-түс берүүгө айрым парламент мүчөлөрү кызыкдар экени баяндалган.

“Кыргызгаз” акционердик коому калкты кантип алдап атканы, газ эсептегич көрсөткүчү менен акча төлөө квитанциясында көрсөтүлгөн акчанын айырмасы чоң болуп атканы жума күнкү “Вечерний Бишкек” гезитиндеги “Талап-тоноонун лицензиясы” деген макалада козголгон.

8-март аялдардын эларалык күнү немис революциячысы Клара Цеткиндин демилгеси менен 1910-жылы Копенгагендеги тарыхый жыйында кабыл алынган. Айрым динтаануучулар менен тарыхчылардын айтымында, насили жөөт немис аялынын 8-мартты тарыхый күн катары белгилөөнүн өзүнчө купуя сыры бар экендигине Александр Рогоза “Аргументы и факты в Кыргызстане” апталыгында маалымдайт. Жаз келгенде жөөттөр иудейлердин Есфир аттуу баатыр кызынын эстелигине багышталган Пурим майрамын белгилешет. Пурим майрамы 1910-жылы 8-мартка туура келген.
XS
SM
MD
LG