Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

ТАЖИКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ БАЛДАР ОКУУ КУРАЛДАРЫНА МУКТАЖ


Мирзахалим Каримов, Бишкек Тажикстандын Жергетал, Мургап райондорунда азыр 70 миңге жакын кыргыздар жашап жатышат. Бул эки райондун аймагындагы 80 ашуун орто жана башталгыч мектептерде кыргыздардын миңдеген улан-кыздары өз эне тилинде окуп, таалим-тарбия алышууда. Советтер союзу тарагандан кийин саясий чыр-чатактан улам башталган кандуу согушту башынан өткөргөн Тажикстан айрыкча экономикалык жактан өтө оор кризиске кабылды. Бул кризис билим берүү тармагына да тескери таасир тийгизип, кыргыз мектептериндеги тарбиялоо иштери чоң кыйынчылыктарга кириптер болду.

Ушундан улам ал жактагы кыргыздар өз эне тилиндеги окуу куралдарына жана ошондой эле мугалимдерге муктаж болуп жүрүшөт. Алардын бул маселесине Кыргызстан кандай көңүл буруп жатат? Кыргызстандын билим жана маданият министрлигинин жалпы орто билим башкармасынын жетектөөчү адиси Кенже Усупова түшүндүрмѳ берет.

- Кенже Усуповна, Советтер союзу тушунда Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын улан-кыздары өз эне тилинде окуп, билим алуусуна Кыргызстан жакшы камкордук кѳрчү, зарыл болгон окуу куралдарын, адабий китептерди, гезит-журналдарды камсыздап берчү. Бирок, союз тарагандан кийин бул иштер солгундап, этникалык кыргыздардын балдары окуу куралдарына аябай муктаж болуп калды, Кыргызстан бул маселеге мурдагыдай маани бербей койду, деген сыяктуу нааразылыктар айтылууда. Ушул тууралуу сиздин пикириңизди уксак?

-Ырас, Союз учурунда ѳкмөт тарабынан атайын акча каражаты бѳлүнүп, Тажикстандагы этникалык кыргыздардын балдарына кыргыз тилиндеги китептер берилчү эле. Бирок, 1993-жылдан баштап өзүбүздүн өлкөдө деле бул жагынан бир топ кыйынчылыктар пайда болуп, Кыргыз ѳкмөтү окуу куралдарын басып чыгаруу үчүн мурдагыдай каражат бөлө албай калды. Ушундан улам бизде абдан оор, өтө кыйын этап башталды десек жаңылышпайбыз. Мисал үчүн 1993-жылы министрлик тарабынан эмес, «Мектеп» басамасы аркылуу 13 гана наамдагы окуу китептери жарык көрдү. Бул окуу куралдарына болгон суроо-талапты толук канааттандыра албайт. Ошон үчүн биз ѳкмөт тарабынан жардам берилбей калды, деп биротоло кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Өзүбүздө болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алып, 1996-жылы 3 сомдон жана 5 сомдон таратылган окуу китептерин убактылуу пайдаланууга берүүгө аргасыз болдук. Андан бери ушул каражаттын негизинде окуу куралдарын чыгарууну улантып келатабыз. Ошол жылы чыгарылган китептерди бөлүштүргөн учурда биз боордош Тажикстандагы кыргыз мектептерин унутуп калган эмеспиз. Анда 7500 нускадагы окуу куралдары аларга акысыз берилген. Андан кийин 1998-жылы окуу куралдарын бастырып чыгаруу үчүн Өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген 10 миллион сом өлчөмүндөгү каражатка 10 наамдагы китеп жарык көргөн. Ошондо да биз тажикстандык кыргыздардын мектептери үчүн 2500 нускадагы китептерди бекер берген болчубуз. Тажикстандагы кыргыз мектептерине окуу куралдары жетишпей жатыптыр, деген кабар угулганда, жакынкы эле жылдарда Кыргызстан тараптан аларга гуманитардык жардам катары миңдеген нускадагы китептер жеткирилген. Андан тышкары акыркы эки жылдагыны эле ала турган болсок, 29 наамдагы 4971 нуска китеп акысыз берилди. Окуу куралдарын камсыздоо маселеси өзүбүздүн жумуриятта да кыйын болуп жатканына карабай, республиканын билим жана маданият министрлиги Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын мектептерине бул жагынан мүмкүн болушунча жардам берүүдө.

- Тажикстандын Мургап районунда 14, Жергетал районунда 50 жакын орто жана башталгыч мектептери бар. Китептерди жөнөтүп жатканда тең салмактуулуктун айырмасын эске аласыздарбы? Муну сураганыбыздын себеби – китептер Жергеталга аз, Мургапка көп санда жөнөтүлүп жаткан учурлар болууда, деген сѳздѳр айтылып калат.

- Бөлүнүп берилген китептердин мынча миңи Мургапка, мынчасы Жергеталга берилсин деген чек коюу бизде жок. Чек коюлбаганынын себеби - союз тараганга чейин Тажикстандын билим берүү министрлигинде кыргыз мектептери боюнча иш жүргүзгөн атайын адис болор эле. Азыр андай адис барбы же жокпу – бизге белгисиз. Кыскасы, илгери биз китептерди жөнөткөндөн кийин ошол адис аркылуу бөлүнүшүн тактап турчубуз. 1995-жылдан соң биз кат аркылуу гана, тактап айтканда, ошол кыргыз райондорунун жетекчилери тарабынан келген каттын негизинде иш жүргүзүп калдык. Анан жанагы сиз айткандай 50 жакын мектеби бар Жергеталга аз, 14 мектеби бар Мургапка көбүрөөк китеп бөлүнүп калган болсо, аны биз мындан ары эске алып, ошонун үстүндө иштешибиз керек экен.

- Тажикстанда байырлаган кыргыздардын мектептерин окуу куралдары менен камсыздап туруу үчүн мындан ары дагы кандай иш-чараларды жүргүзсө болот деп ойлойсуз?

- Өзүңүздөргө маалым болсо керек, биз азыр окуу китептерин убактылуу пайдаланууга берип жатабыз. Ошол китептер кайра басылып чыккандыктан, Тажикстандын кыргыз мектептери заказга кирбей калууда. Мунун себеби, биз акысыз берилген китептерди пайдалануу үчүн коюлган арендалык шартты аларга коё албайбыз да. Андай болгон соң, алар заказга кире алышпайт. Ошол эле учурда биз алардан кантип аренда акысын алабыз же талап кыла алабыз? Аренда алалбайбыз деп ойлоймун. А балким өзүлөрү алып калышы да мүмкүндүр, мен аны биле албадым. Кыскасы, мына ушундай олуттуу маселе бар. Ушул маселе оңунан чечилип, Тажикстандын кыргыз мектептери да китеп чыгаруу боюнча негизги заказдын тизмесине кирсе, бул жааттагы иш бир кыйла жакшырат эле. Буга ѳкмөт тарабынан да бир аз көңүл бурулуп, каражат жагынан жардам берилиши керек деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG