Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

8-март күнү Иранда аялдардын нааразылык акциясы болду


1979-жылдагы исламдык төңкөрүштөн кийин аялдар биринчи жолу бул эл аралык майрам күнү демонстрация өткөрүп, социалдык жана саясий теңдикти талап кылышты.
"Аялдардын Маданий борбору" деп аталган бейөкмөт уюмдун демилеси менен, 300 чакты активист Тегерандын борбордук паркында чогулушту, бир катары эркектер үстөмдүк кылган, эскичил түшүнүктөр менен жашаган коомдо аялдардын дискриминацияланышына каршы сөз сүйлөштү.
Айрым активисттер айрыкча айыл жерлерде дискриминацияга байланыштуу, аялдар өздөрүн өрттөп өлгөн учурлар көбөйүп бараткандыгын эскертишти. Алар ошондой эле Ирандын Аялдарга каршы дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу конвенциясын ратификациялай электигин сынга алышты.
Ирандык диниятчылар бул конвенцияны "исламга каршы" келет деп четке кагышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG