Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Иранда журналист аял абакка кесилди


Ирандын Төңкөрүшчүл соту белгилүү журналист жана диссидент-активист Наргиз Мохаммадини улуттук коопсуздукка залал келтирген деген кине менен бир жылга эркинен ажыратты.
Мохаммадинин адвокаты Мохаммад Шариф анын жергиликтүү гезиттерге жана эл аралык радиолорго интервью берип, күйөөсүнүн камалышына нааразылык билдиргени үчүн камалганын белгиледи. Мохаммадинин күйөөсү, жазуучу Таки Рахмани Ирандын Исламдык режимине каршы козголоң уюштурган деген кине менен мындан эки жылча мурда, 60 чакты киши менен чогуу камалган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG