Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Молдовада түрмөдөгү козголоңдон бир айыпкер каза таап, ону жарадар болду


Юстиция министрлигинин маалымдашынча, Кишиневден 16 чакырым аралыкта жайгашкан катуу кайтаруудагы түрмөдөгү козголоң күзөтчүлөр айрым камераларды тинтип, баңгизат, бычак, чөнтөк телефонун жана тамеки таап алгандан кийин башталды. Министрликтин маалыматы боюнча, кечээки тополоңдо айыпкерлер күзөтчүлөрдү темир-таш менен согуп, тартылып алынган оокаттарын кайтарып берүүнү талап кылышкан. Министрлик козголоңду басуу үчүн күзөтчүлөр жана полиция 600 чакты айыпкерге ок ачканын, 66 жаштагы бир айыпкер окко учканын билдирди.
Айыпкерлердин урук-туугандары "Азаттыкка" жүздөгөн киши жараат алды деп билдиришти, бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG