Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Колин Пауэл: Франция Ирак боюнча резолюцияга вето коюшу мүмкүн


Бириккен Улуттар уюмунун инспекторлору бүгүн Иракта "ас-Самуд-2" ракеталарын жок кылуу иши уланганын билдиришти.
АКШ менен Британия Коопсуздук кеңешинин тогуз мүчөсүн Иракка согуш жарыялоочу резолюцияны колдоп берүүгө көндүрүү аракетин дипломатиялык деңгээлде улантышты. Бирок, АКШнын Мамлекеттик Катчысы Колин Пауэлл бүгүн "Франция резолюцияга вето коюшу мүмкүн" деди.
Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен бүгүн Африкага жол тартууда. Ал Коопсуздук кеңешине кирген Гвинеяда, Камерунда жана Анголада болуп, аларды резолюцияны четке кагууга үгүттөмөкчү.
Кытай бүгүн Ирактагы курал инспекциясын улантып, аны күч алдырыш керек деди. Кечээ АКШнын президенти Жорж Буш "Ирак куралсыздануудан баш тартып жатат" деп ырастап, инспекцияны улантууга каршы сүйлөдү:
"Ирак режими куралсызданса, биз аны билмекпиз, анткени куралдарды инспекторлорго көрсөтүп, жок кылышмак. Инспекция командасына кошумча убакыттын же кошумча кишинин кереги жок болуп калды", -деди Буш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG