Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ИРАК БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯ УШУЛ АПТАДА КОЛГО САЛЫНАТ


Ирактан келерки бир жуманын ичинде куралсызданууну талап кылган резолюция Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде эртең-бүрсүгүнү колго салынат деп күтүлүүдө. Добуш берүүнүн алдында резолюцияны колдогон жана ага каршы болгон тараптар жалаң өз позицияларын бекемдөөнүн аракети менен болуп жатышат.

Алып баруучу: Жаңыл, азыркы тапта ким кайсы тарапта, согуш тили менен айтканда, ким баррикаданын кайсы тарабында?

Жаңыл Жусубжан: Айнура, Иракка кол салууга уруксат берүүчү резолюция маселесинде бүгүн Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдөн Кошмо Штаттарын Британия, Испания, Болгария үчөө ачык колдошууда. 15 өлкөдөн турган кеңештин беш мүчөсү, атап айтканда, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Сирия резолюцияга тикелей каршы. Калган алты өлкө - Ангола, Камерун, Гвинея, Мексика, Чили жана Пакистан азырынча так жооп берише элек. АКШнын Мамлекеттик Катчысы Колин Пауэл "резолюция добуштардын көпчүлүгү менен жактырылат",- деген ишенимин билдирди, ошол эле убакта, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнөн бирөө эле, мисалы, Франция вето коюу укугун пайдаланса, резолюция өтпөй калат. Ирак тыюу салынган куралдарын жок кылууну улантууда. Багдаддын мындай кызматташтыгы, албетте, Коопсуздук кеңешинде согушка каршы маанайды күч алдырып жатат. Ошол эле кезде АКШ менен Британия апта соңунда "БУУнун башкы курал инспектору Ханс Бликс акыркы отчетунда Ирактын айрым куралдарын Коопсуздук Кеңешинен "жашырып" койгон" деген билдирүү менен чыгышты, эгер бул чын болсо, резолюциянын кабыл алынышына болгон колдоо, тескерисине, күч алышы толук мүмкүн.

Алып баруучу: Резолюция өтпөй калса, согуш болбой калышы мүмкүнбү?

Жаңыл Жусубжан: АКШнын президенти Жорж Буш "Бириккен Улуттар уюму колдосо да, колдобосо да, өз шериктерибиз менен согушка бара беребиз",- деп эскерткен. Ошондуктан, ушул шейшемби же шаршемби күнү өтөт деп күтүлгөн добуш берүү согушту токтото албайт го.

Ошол эле убакта, жагдай такыр эле үмүтсүз эмес. Айрым маалыматтар боюнча, АКШнын аскер башчылары, убактылуу болсо да, согушту кийинкиге калтырышы ыктымал. Вашингтондун согуштук планында Иракка үч тараптан, анын ичинде түндүктөн Түркиянын аймагынан чабуул жасалышы керек. Бирок Түркиянын парламенти жакында америкалык аскерлерди жайгаштырууга каршы добуш берди. Ошентип, үчүнчү фронт ачылбай калса, америкалык генералдар пландарын кайра карап чыгууга мажбур болуп, согуш 1-апрелге чейин токтотулушу мүмкүн деп айтып жатышат. Анткени, дал апрель айында абадан сокку уруу үчүн ыңгайлуу, айсыз караңгы түндөр болот экен. Бирок чабуулду андан ары кечеңдетүү мүмкүн болбойт, анткени Перси булуңундагы чөлдөрдө жайкы ысыкта согуш жүргүзүү өтө кыйын дешет.

Бир сөз менен айтканда, согушту болтурбай коюу мүмкүн экенине көз жетпейт, бирок ишемби күнү Кувейт тараптан үмүттүү ишаарат болду. Бул өлкөнүн АКШдагы элчиси "Ирак менен согуш болбой калышы мүмкүн",- деди. СиЭнЭн сыналгысында сүйлөгөн сөзүндө ал "үч айдан кийин да курал инспекциясын дагы үч айга узарталы деп отурушубуз ажеп эмес",- деп айтты. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, 1990-жылы Ирак басып алып, АКШ баштаган аскерлер кийинки жылы бошоткон Кувейтте бүгүн 100 миң америкалык аскер чабуулга даяр турат. Ошондуктан, Кувейттен чыккан бул сөздөргө олуттуу мамиле кылууга негиз бар.

Алып баруучу: АКШнын Ирак саясаты пайда кылган карама-каршылыктардын урунттууларынан бүгүн дагы кайсыларды атоого болот?

Жаңыл Жусубжан: Согуш пландарында АКШнын эң жакын союздашы - Британия эмеспи, бирок бүгүн премьер-министр Тони Блэрдин өкмөтү туңгуюк абалда калды. Апта соңунда анын бир министри "резолюциясыз согуш башталса, кызматтан кетем",- деп эскертти. Блэрдин Лэйбористтик партиясынан шайланган 150 депутат анын Ирак боюнча позициясына каршы чыгышы мүмкүн экен. Бул бир, ошондой эле АКШнын мурдагы президенти, былтыр Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Жимми Картер "Ирактын АКШга түздөн-түз коркунучу жок",- деген билдирүү жасады. Канаданын өкмөт башчысы "АКШдан "үлгү" алып, келечекте Кытай да эч нерсе боло электе Тайванды бомбаласа кантебиз?" деди. Ошондой эле, ишемби-жекшемби күндөрү Пакистанда, Индия, Индонезияда 100 миңдеген киши Ирак согушуна каршы демонстрацияга чыкты. Ал эми АКШнын өзүндө согушту колдогондордун жана ага каршы болгондордун жүрүштөрү орун алды. Анын ичинде тынчтык активисттери Вашингтондо Капитолийди, Ак Үйдү курчоого алышты. Полиция ондогон демонстрантты кармап кетти.

XS
SM
MD
LG