Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

ТАШКЕНДЕ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ БАШТАЛАТ


11-мартта Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында кыргыз-өзбек чек ара маселелерине арналган өкмөттүк деңгээлдеги кезектеги сүйлөшүүлөр башталат. 5 күнгө созулган жолугушуу учурунда эки өлкөнүн өкүлдөрү үч топко бөлүнүп иштешип, үч чоң маселени талкууга алышат. Алар: кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу жерлерин тактоо, кыргыз-өзбек чек арасындагы кайгуул бекеттери түзгөн тоскоолдуктарды жоюу жана Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак айылынын абалы боюнча маселелерге арналат.

Ташкен шаарында 11-мартта башталып, беш күнгө созула турган кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүү учурунда үч чоң маселе талкууга алынат. Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун 10-мартта берген маалыматына караганда, эки өлкөнүн өкүлдөрү негизинен чек арага байланыштуу маселелерди жиликтеп, карап чыгуу максатында үч топко бөлүнүп иштешмекчи:

- Биз үчүн кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги сүйлөшүүсү башталып жатканы кубанычтуу. Анткени бул жолугушуу чек араны тактоо канчалык оор болсо да эки тараптын бул маселени чечүүгө болгон ынтаасын жана аракетин көрсөтүп турат. Белгилеп кое турган нерсе – чек араны тактоо боюнча комиссиядан башка Ташкенде дагы эки жумушчу тобу иштейт. Алардын бири «Чек ара кайгуул бекеттери жөнүндө» келишимди талкуулайт. Дагы бир жумушчу топ болсо Барак айылынын көйгөйүн карайт.

Эки мамлекеттин бийликтери чек араны тактай албай, талашып-тартышып жаткан маалда улагалаш жашап, коюн-колтук алышып келген карапайым эл чек ара жана бажы бекеттериндеги намыска тийип, басынткан тинтүүлөрдөн жапа чегип келишет. Карасуу районуна караштуу, бирок өзү Өзбекстандын ичинде калган Барак айылы анклав катары эсептелет. Соңку учурда Барактын тургундары Кыргызстан менен таптакыр эле катташа албай калган. Себеби, Кыргызстан менен байланыштыра турган, бирок Өзбекстандын Бирлешкен айылын кесип өтүүчү жападан-жалгыз жолду өзбек чек арачылары таптакыр эле жаап салып, абал кескин курчуп кеткен болчу.

21-февралда өкмөт башчысы Николай Танаев Ош шаарына барганда Барак айылынын тургундары аны менен жолугуп, өз көйгөйлөрүн айтышкан. Барактыктар Кыргызстан менен байланыштырган коридор жол ачып берүүнү, ал жол менен унаа каттатууну сурашкан. Же болбосо, анклавдын тургундары, Барак кыштагы жайгашкан жерди Өзбекстанга берип, айылды Кыргызстанга жакын жайгашкан коңшулардын 250 гектарлык талаасына көчүрүүнү сунуш кылышкан.

Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигине кирген мамлекеттер боюнча вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун 10-мартта «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, Барак айылынын тургундарынын статусу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 2000-жылдын 2-июлунда түзүлгөн келишимди Өзбекстан тарап аткарбай жатат. Аталган келишим Барак айылынын тургундарына - эгер алардын колунда паспорту жана анда Баракта жашагандыгын көрсөткөн каттоо белгиси болсо - Өзбекстандын Бирлешкен айылы аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүнө кепилдик берет. Ошондон улам, 11-мартта Ташкенде өтө турган жолугушуу маалында аталган келишим эмне себептен иштебей жатканы сүйлөшүүнүн талылуу бир маселеси болмокчу.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кайгуул бекеттери боюнча келишимдин долбоору да талкууга алынмакчы. Кыргызстан тарап келишимдин эки-үч вариантын алып баратат. Анын бирине ылайык чек арада кайгуул бекеттери эки мамлекет тараптан тең коюлмакчы. Себеби, Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин чектен чыккан аракеттери улам көбөйүүдө. 15-февралдын түнүндө Кадамжай районунун Новгардан айылынан район борборуна бараткан Кыргызстандын «ПАЗ» автоунаасынын айдоочусун коркутуу максатында коңшулардын чек арачылары жерге ок атышкан.

Ушундай окуялардан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Алишер Салахитдиновго тапшырган нааразылык ноталарга Ташкенден жооп болгон жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаалды жөнгө салуу максатында «Кыргыз-өзбек чек арасындагы ишеним чаралары жөнүндө» меморандумдун долбоорун да иштеп чыгып, аны Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине тапшырды:

- Азырынча биз бул документ тууралуу Өзбекстандан ырасмий жооп ала элекпиз. Биздин пикирибиз боюнча, меморандум эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оң салымын кошуп, чек арада чечилбей келаткан конкреттүү маселелердин башын ачып алууга жол бермек, - дейт Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов.

«Кыргызстан чек арада түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн кандай жолдорун сунуш кылды?» - деген «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна Эркин Мамкулов: «Азырынча меморандумду Өзбекстан тарап карап жатат, ошондуктан документ тууралуу кененирээк айтуу азырынча эрте», - деп жооп берди.

Кыргызстандын жарандары зыян тартып жаткан Өзбекстан мина талааларынын кесепеттери тууралуу маселе да 11-мартта Ташкенде баштала турган өкмөт аралык сүйлөшүүлөр маалында кабыргасынан коюлаары бышык.

Кыргызстандагы Кызыл ай улуттук коомунун жетектөөчү адиси Насира Баратбаеванын айтымында, миналар, кайгуул бекеттери жана анклавдардын маселелеринин баарынын эле учугу барып-келип эки өлкөнүн чек арасынын такталбай жатканына такалууда.

- Ушул убакытка чейин кыргыз-өзбек чек арасынын араң эле 690 чакырымы такталыптыр, чек аранын калганы жакын арада такталып бүтүшү да күмөн. Чек ара такталып бүтмөйүнчө миналарды коңшулар тазалабайт. Минадан болсо кыргызстандыктар эле жабыр тартууда, каза тапкандар да болду, алардын арасында балдар да бар. Ошондон улам Кызыл ай коому элди минадан сактоонун жолдоруна үйрөтүүгө кириштик, - дейт Насира Баратбаева.

XS
SM
MD
LG