Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Германиянын соту алжир улутундагы төрт адамды түрмөгө кести


10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылган төрт адам 2000-жылдын соңунда Франциянын Страсбург шаарында террордук акт жасоого аракеттенгени үчүн айыпталган. Франциянын теги алжирлик төрт жаранынын планы эң соңку саттарда алдын алынган эле. Немец полициясынын рейди учурунда алардын Франкфурт шаарындагы батиринен бомбаны даярдоодо талап кылынуучу заттар табылган. Тергөө органдары ырастагандай, алар Страсбург шаарынын Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдоодо керектелүүчү буюмдар сатылган базарын эл көп кезде жардырууга ниеттенишкен.

XS
SM
MD
LG