Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

БУУнун Баш катчысы Кипрдин грек жана түрк бөлүгүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрүүдө


Сүйлөшүүлөр Гаага шаарында өтүүдө. Кофи Аннан алды менен аралдын грек бөлүгүнүн президенти Тассос Пападопулос жана түрк бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташ менен бөлөк-бөлөк жолукту. БУУнун баш катчысы Кипрдин жетекчилерин аралды бириктирүү планын кабыл алууга ынандыруу үчүн соңку аракеттерди жасоодо. Аннандын айтымында, эгер биригүү планы кабыл алынбаса - БУУ ортомчулук кылуу вазийпасынан баш тартат. БУУнун Баш катчысы Кипрдин эки бөлүгүндө тең ушул жылдын 30 - мартына чейин аралдын биригүүсү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлүшүн талап кылган. Биригүү маселеси Кипрдин грек бөлүгүнүн өкмөтү быйыл 16-апрелде Европа Биримдигине кошулууну караган келишимге кол койгонго чейин чечилиши керек. БУУнун планында Кипрди Швейцариянын үлгүсүндө, федерация тибиндеги мамлекетке айландыруу каралган.

XS
SM
MD
LG