Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Кыргызстандын билим берүү жана маданият министринин Ирандагы иш сапары соңуна чыкты


БИШКЕК. Кыргызстандын билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын Иран Ислам Республикасына болгон иш сапары аяктады. «АКИ-пресс» агенттиги 10-мартта тараткан маалыматка караганда, Ишенгүл Болжурова менен Ирандын илим, изилдөө жана технологиялар министри Мустафа Моиндин жолугушусунан кийин Кыргызстан мнен Ирандын ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуунун келечектүү багыттарын тактап чыгуучу жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ал эми орто билим берүү министри Мортеза Хаджи менен жолугушууда башталгыч билим берүү программалары боюнча тажрыйба алмашып, өз ара консультация берүү жагы макулдашылып, Иран тарап окуу китептерин чыгарууга жардамдашаарын билдирди. Ишенгүл Болжурова Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Ареф менен жолугушканда, Ареф эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG