Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Бишкекте казакстандык журналист Сергей Дувановго колдоо көрсөтүү акциясы болот


БИШКЕК. 11-мартта Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги жайгашкан имараттын алдында казакстандык журналист Сергей Дувановго колдоо көрсөтүү пикети болот. Ал 11-мартта Сергей Дувановдун сотко жолдогон апелляциялык арызын кароого байланыштуу өткөрүлөт. Пикетке Кыргызстандагы журналисттер жана укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү катышат. Аны өткөрүүгө бейөкмөт жана укук коргоочу уюмдар демилгечи болушкан. Бул тууралуу 10-мартта «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG