Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Апрелдин башында Кыргызстанга Орусиянын Федералдык жыйынынын төрагасы келет


БИШКЕК. 3-4-апрелде Кыргызстанга расмий иш сапары менен Орусиянын Федералдык жыйынынын төрагасы Сергей Миронов келет. Анын иш сапарынын максаты - эки тараптуу парламент аралык кызматташууну бекемдөө, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө парламентарийлердин салым кошуусунун жолун иликтөө болмокчу. Сергей Миронов Кыргызстандагы иш сапарынын учурунда өкмөт башчысы Николай Танаев жана Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Эл өкүлдөр жыйынынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси Нуржан Шайылдабекова билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG