Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек ара аймагына коюлган миналардын картасын Кыргызстанга бермек болду


БИШКЕК. Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен чек ара аймактарына койгон миналарынын картасын кыргыз өкмөтүнө берет. Мындай маалымат 10-мартта Кыргызстандын Евразия Экономикалык Кызматташтык Уюмундагы вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетовдон алынды. Анын маалыматына караганда, ушул жылдын 23-февралында Баткен облусунун тургуну Сатарбек Шамшиев Өзбекстандын чек ара аймагына койгон минасына жарылып каза болгондон кийин, премьер-министр Николай Танаев Өзбекстандын премьер-министри Уткир Султанов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, маселени тезинен чечүү талабын койгон жана мина коюлган жерлерге белгилерди коюш үчүн ал жерлердин картасы зарыл экендигин билдирген. Ушундан кийин Өзбекстандын өкмөт башчысы мина коюлган жерлердин картасын берүүгө макулдугун берген.

XS
SM
MD
LG